Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады


Бишкекте Кумтөр боюнча келишимди бузууну талап кылган оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын митинги өттү. Митингдин уюштуруучулары бийлик аянтка чогулгандардын үнүн укпай койгонун, эми жер-жерлерде иштеп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдиришти. Бирок айрым митингчилер "уюштуруучулар чечкинсиз чечим кабыл алды" деп баалап, нааразы болушууда.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын митингине уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстандын ар кыл аймагынан 3000ден ашык адам катышты. Ал эми ИИМдин өкүлдөрү миңдин тегерегинде, көз карандысыз байкоочулар 1300дөй адам катышканын айтышты.

Митингдин уюштуруучулары саясий акцияга 10 миң адамды чогултуу пландалганын, бирок жамгыр жаап калганына байланыштуу катышуучулардын саны аз болду деген жүйөнү келтиришти.

Жаандан улам кол чатыр менен жылтырак баштыктарга коргологон митингчилер кезек-кезеги менен трибунага чыгып, сүйлөп жатышты. Алар негизинен Кумтөр боюнча “Центерра голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну, өткөн жылы 3-октябрдагы митингден соң камакка алынган “Ата Журт” партиясынын депутаттарын эркиндикке чыгарууну, парламентти таратууну жана өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

“Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров учурдагы бийлик Кумтөр боюнча келишимди бузбай, атайын создуктуруп жатат деп сындады:

- Конституциянын 79-беренесине ылайык, 10 миң адамдын колун топтоп, мыйзам долбоорун демилгелегенге укугу бар. Биз болсо 12 миң шайлоочунун колун топтоп, Кумтөрдү артка кайтаралы, азыркы бийликке, өкмөткө жардам берели, канадалыктар эл аралык сотко берсе, биздин коомчулук чыгып жатат деген максатыбыз бар эле. Ал эми биздин бийлик болсо мурдагылар сыяктуу эле канадалыктардын таламын талашып, аларга жан тартып жатат. Бийлик 10 миң шайлоочунун эмес, канадалык 4-5 кишинин кызыкчылыгын коргоп жатат.

Муну менен катар нааразылык акциясына чыккандар парламент төрагасы баш болгон депутаттар аянтка чыгып, митингчилер менен жолуксун деген талап коюшту. Бирок митингге парламенттеги бийликчил фракциялардын да, оппозициялык фракциялардын да мүчөлөрү чыккан жок. Мындан соң бул талапты депутаттарга жеткирүү үчүн митингдин штаб башчысы Мамбетжунус Абылов баш болгон 20 чакты адамды өкүл катары шайлап, алар Жогорку Кеңешке киргенге аракет жасап, бийликтин жообун үч сааттан ашык күтүштү. Бирок расмий бийлик өкүлдөрүнүн жооп болгон жок.

Андан соң митингдин уюштуруучулары бийлик аянтка чогулгандардын үнүн укпай койду, эми жер-жерлерде иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алганын Мамбетжунус Абылов маалымдап, элди тароого чакырды:

- Бүгүн бийлик Ак үйдүн тегерегин куралчандар менен топтоп, биздин арабызга чагымчыл адамдарды киргизип жатат. Ошондуктан митингди жыйынтыктадык, тынч тарап кетели. Жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, муну аягына чыгарабыз.

Бирок айрым митингчилер уюштуруучулардын чечимин "чечкинсиздик" деп баалап, нааразы болушту. Маселен, Кара-Кулжадан келген Ыбыш Абдрахманов митингдин уюштуруучулары алыскы аймактардан элди чакыраарын чакырып, бирок өз позициясына соңуна чейин тура алган жок деп сындады:

- Биз алыскы Кара-Кулжадан бир күн кечке жол жүрүп келдик. Бүгүн кетип калсак, экинчи кайтып келе албайбыз. Бир күн кечке турганыбыздан эч жыйынтык чыкпай эле кетип калабызбы?

Ошол эле кезде Жогорку Кеңеште бийлик партия өкүлдөрү бүгүнкү акцияны Кумтөрдүн шылтоосуна жамынып, “Эл үнү” кыймылынын өзүнө саясий упай топтоо аракети катары баалады. Социал-демократтар партиясынан депутат Эркингүл Иманкожоева:

- Кумтөр боюнча өкмөт карайбыз, чечилет деп убакыт сурап жатат. Эгер чечпесе, же башка аракет көрбөсө башка кеп эле. Элди топтоп алып, "Ташиев чыксын, же башка чыксын" деген туура эмес.

Оппозициянын митингинин жүрүшүндө Бишкек шаардык милициясынын 300дөн ашык кызматкери тартипке көз салды. Милиция митинг мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди. Ага чейин “Эл үнү” кыймылы атайын штаб түзүп, анын башчысы Мамбетжунус Абыловду комендант катары шайлаган. Бул штаб митингчилерге чак түштө ысык тамак уюштурду. Ал эми аймактардан келгендер өз каражаты менен борборго жеткени айтылганы менен аларды алып келүү үчүн айрым саясатчылар унааларды жалдаганы дайын болду.

Оппозициянын Бишкектеги митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG