Бүгүн Бишкектеги Фучик паркында Чернобыл апаатынын 27 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ага чернобылчылар, мэриянын өкүлдөрү, шаар тургундары катышат. Ушундай эле иш-чара Ош шаарында да уюштурулат.
СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган. Кыргызстандан Чернобылды тазалоого катышкан бир нече миң кишиден 600 чактысы радиацияга байланышкан оорулардан набыт болгон. Алардын бир жарым миңдей балдары да дарыгерлердин каттоосунда турат. (KKs)