Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Баткен: Жол салуудан чыккан чыр (видео, фото)


Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы абал чыңалган бойдон турат.

Ишемби күнү тутанган чатактан бир топ киши жабыркап, автоунаалар талкаланды. Учурда Тажикстандын Ворух жана Кыргызстандын Ак-Сай айылына барчу жолдор дале жабык турат.

Чыр кантип чыкты?

Жол тосуулар жекшемби күнү да эки тараптан тең улантылды. Бул күнү аксайлыктар Ворух анклавына барчу жолду тоссо, андан берирээктеги Кожоаъло айылында Тажикстандын тургундары Ак-Сайга барчу жолду тосуп турду. Ошентип бул эки айыл тең азырынча тыш дүйнө менен байланышсыз турат. Абалды жөнгө салуу үчүн эки тараптын бийлик өкүлдөрү кечээтен бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок азырынча андан майнап чыга элек.

Учурда окуя болгон жерде жүргөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн (28-апрель) кечке жуук эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ага Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары баштаган топ келди. Сүйлөшүүлөрдө тараптар жолду ачуу, чыгымдарды эсептеп калыбына келтирүү тууралуу макулдашты.

Чек арадагы бул чатак Ворухту айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун салуудан чыккан. Аксайлыктар 27-апрелде көптөн бери айтылып, бирок курулушу башталбай турган жолду салууга киришкен. Бул аймактагы үч айыл өкмөттүн элин Тажикстандын Ворух анклавын аралатпай, жайлоого түз чыгарчу көз карандысыз жол болушу керек эле. Жергиликтүү тургундар бул жол али тактала элек болсо да шарттуу чек арадан 500 метрдей Кыргызстандын ичинде болгонун айтууда.

Ворухтуктар болсо чек арага шылтап, мына ушул жолдун курулушуна каршылык көрсөтө баштаган. Алар жол куруучуларга “кеткиле” деп кол көтөрүп, андан бир трактористтин колу сынган. Андан соң аксайлыктар чогулуп, Тажикстандын Ворух-Исфара жолун буушкан. Окуя андан ары курчуп, Ак-Сайдан төмөн жайгашкан Тажикстандын Кожъалоо айылынын тургундары Кыргызстандын чек арасына келген. Ошентип эки тараптан эл чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Өз учурунда жетип барган күч кызматтары эки тарапты бири-бирине жеткирбей кармап калууга үлгүргөн. Бирок таш атышуудан бир нече автоунаа жабыркап, бир топ киши жараат алган.

Чек арадагы кырдаалдан сүрөт баян: 28.04.2013.
("Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаровдун тарткан фотолору жана "Азаттыктын" тажик кызматына түшкөн сүрөттөр колдонулду.




Талашка себеп - такталбаган чек ара

Топтолгон тажик жарандары кайра кайткан учурда Кыргызстандын Жийделик, же Маасейиттин жери деп аталган кыштакчасын аралап, үйлөрдүн чатырын жана айнектерин талкалап кетишкен. Бул кыштакчада болгону 16 түтүн бар.

Чакан айылдын бир тургуну Иллиязидин Бостонов жаалданган кошуналар жөн кетпей, короосундагы бир жылкысын да жетелей кеткенин айтат:

- Маселе баары жолдон башталып жатат. Биз жайлоого ошол Тажикстандын Ворух айылын аралап өтпөйлү деп жол курууну баштасак, кошуналар келип жаңжал салып жатышат. Менин үйүмдүн айнектерин талкалашты. Жылкымды болсо короодон жетелеп кетишти.

Аймактын тургундары мындай чатактардын чыгышын чек аранын ушул күнгө дейре такталбай турушунан жана жетекчилердин чек ара маселесине көңүл бурбай жатышынан көрөт. Алардын бири Кеңешбек Сапаралиев:

- Биздин аймактагы курулушка кошуналар эмнеге тоскоол болушу керек? Кеп чек ара такталбаганынан жана облуста чек арага маани берген жетекчинин жоктугунан болуп жатат да.

Чек арадагы чыңалган кырдаалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге жекшембиде Баткен облусунун жетекчилиги барды. Азырынча бул окуядан канча киши жабыркап, канча чыгым болгону так аныктала элек. Анткени бул окуя боюнча түзүлгөн тергөө тобу жол жабык болгондуктан жаңжал башталган Ак-Сай айылына өтө албай турат.

Баткен облусунун прокурору Латип Жумабаев ошентсе да эки тараптын тийиштүү кызматтары сүйлөшүүлөрдү баштаганын билдирди:

- Азырынча тергөө тобу иштеп жатат. Биздин башкы маселе – эки тараптагы элди тынчытып, жолду ачуу. Жабыркагандарды аныктоо, келитирилген зыяндарды эсептөө үчүн азырынча Ак-Сай айылына өтө албай турабыз.

Азырынча тактала элек, бейрасмий маалыматтарга караганда, кыргыз тараптан жергиликтүү дарыгерлерге бул окуядан жабыркаганы тууралуу сегиз киши кайрылса, алардын үчөөнүн жараты оор. Тажик тараптан канча киши жабыр тартканы азырынча беймаалым.

Ворух анклавындагы кырдаал
("Азаттыктын" тажик кызматына түшкөн видео тасма)



Ворух анклавындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00


Анклавдар азабы

Ворух – Тажикстандын Кыргызстандагы эксклавы. Баткен облусунун ичинде жайгашып калган бул анклавда отуз миңден ашуун калк бар. Алардын баары тажиктер. Баткен районунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан бул анклав Тажикстандын Исфара районуна карайт. Бул тегеректе чек аралары чырмалышкан дагы бир канча кыргыз-тажик айылдары бар. Ушул айылдарды аралап, же четтеп өткөн чоң жолду эки тарап тең пайдаланат. Акыры Ворухка алып барган бул жолду эми азыр бир жеринен тажиктер, бир жеринен кыргыздар тосуп турушат.

Эки өлкөнүн чек араларды тактоо иштери да дал ушул чырмалышкан аймактарга келгени такалып, ордунан жылбай турат. А чек аранын такталбай турушу минтип эки элдин ортосундагы жер-суу талаштарына себеп болуп келет.

Баткен облусунда Ворухтан башка Өзбекстандын да эки анклавы бар. Алардын бири - Сох, бири - Шаймерден. Жыл башында Сох менен чектешкен Чарбак айылында да чыр чыгып, кошуналар кыргыз жарандарын барымтага алуу менен коштолгон. Бул чатактын айынан Сох анклавы бир айдай жабык турду.

XS
SM
MD
LG