Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Мушаррафка президенттикке ат салышууга өмүр бою тыюу салынды


Пешеварда Жогорку Сот Пакистандын мурунку президенти Первез Мушаррафка президенттикке ат салышууга өмүр бою тыюу салды. Анын алдында сот Мушаррафтын шайлоого катышуу тууралуу арызын канааттандырбай койгон эле.

Пакистандын мурунку лидери учурда үй камагында отурат. Ал 1999-2008-жылдары кызматта турганда бир канча сотторду иштен алып, камаган, Баш мыйзамды бузган, мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону жана белужи козголоңчуларынын лидерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып жатат.

Экс-президент төрт жыл бою Лондон жана Дубайда бозгунда жашап, 11-майдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында өткөн айда кайтып келген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG