Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Кырсыктаган учактын учкучтарынын дене бөлүктөрү табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеев кабарлады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерде чалгындоо иштери уланып жатканын билдирди.

Кечээ Чүйдүн Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг 707” кулап түшкөн. Маалыматка караганда, учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрткө бөлүнүп түшкөн. Учакта үч киши болгон. Кырсык боюнча өкмөт атайын комиссия түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG