Израилдин премьер-министри Бенамин Нетаняху Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. 15-майда өтчү жолугушуу Сирия маселесине арналышы күтүлүүдө. Орусия өзүнүн өнөктөшү Сирияга жана өлкө президенти Башар аль-Ассадка S-300 маркасындагы зениттик-ракеталык комплексин жөнөтүү планын ачыктаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул план “туруксуздукка алып келиши мүмкүн” деген оюн айткан. Учурда Сирия кризиси Москва менен дипломатиялык суйлөшүүлөрдү күчөткөн кез. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Орусияга ушул жуманын аягында келет. АКШнын мамлекеттик департаменти дүйшөмбү күнү Сирия боюнча Москва-Вашингтон сүйлөшүүлөрү июнда өтүшү мүмкүн экенин айтты. (AiK)