Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Чоң-Алайдагы жаңжалда аким сабалды


Кытайдын "Кайди" компаниясы алтын кенин иштетишине каршы Чоң-Алайдагы нааразылык. 11-август, 2011.
Кытайдын "Кайди" компаниясы алтын кенин иштетишине каршы Чоң-Алайдагы нааразылык. 11-август, 2011.

Оштун Чоң-Алай районунда Кара-Казык алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык чыкты.

Бүгүн, 16-майда райондогу кошмо жыйында кен казган кытайлык “Кайди” компаниясынын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал арада райондун акими Абдилазиз Ашыралиев кенди иштетүүгө каршы чыккандар сабап салганын айтып, милицияга арыз жазды.

Чоңалайлыктар Кытайдын “Кайди” компаниясы Кара-Казыкты төрт жылдан бери мыйзамсыз казып жатат, аймакка пайдасы жок, экологияга залакасы тийүүдө деген доомат менен иштетүүгө каршы болуп жатат.

Тургундардин бири Олжобай Сапиевдин айтымында, кенди иштетүүгө акимден гана уруксат алынган:

- Мамлекеттер аралык, же башка мекемелер аралык келишим жок экен. Бул бүгүн тастыкталды. Муну ошо райондун эле акими билет экен. Комиссия түзүлгөнүн аким гана билет экен. Анан жогору жактан - облустан, же республикадан кайсы бир жетекчилерден кимдер колдогону белгисиз. Интернетте деле Кара-Казык кени момундай болуп иштетилип, мамлекетке момунча акча төгөт деген жок экен. Эл ошого нааразы болду. Түзүлгөн келишими деле 2012-жылы аяктаптыр. Анан кендин иштешинен экологияга деле зыяны бар. Мал төлдөгөндө бир башкача болуп жүргөн. Бул ушу төрт жылдан бери эле тополоң, жаңжал менен келатат.

Чоң-Алайдын борбору Дароот-Коргондо 16-майда өткөн кошмо жыйында “Кайди” компаниясынын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын айылдык кеңештин депутаты Касымбек Абдылдаев “Азаттыкка” кабарлады:

- Кечээ жалпы элдик жыйын болуп, анда “Кайди” компаниясынын ишин токтоткула деген элдин талабы бар эле. Ошону бүгүн кошмо жыйында карап, компаниянын иши токтотулсун деген чечим кабыл алдык.

Мамажунус Сейданов "Кайди" компаниясынын кен байытуучу фабрикасынын жетекчиси. Анын айтымында, компания мыйзамсыз иштейт деген доомат негизсиз:

- Бизге лицензия 2015-жылга чейин берилген. Лицензия токтотулган эмес. Кээ бир курула элек, кура турган объекттер бар эле ошону кургандан кийин толугу менен уруксат берилет деп, убактылуу 3 айга гана токтотулган.

Сейданов “Кайди” төрт жылдан бери жергиликтүү казынага 28 миллион сом салык төккөнүн, кенге жакын айылдардын социалдык маселелерин чечүүгө 56 миллиондой сом коротулганын кабарлады:

- Элдин негизи бизге дооматы деле жок, иштей берсин дейт. Бирок аларды бузган бир топ бар. Казып алган 24 миң тоннадай алтыны элене элек тегибиз бар эле. Ошону былтыр жергиликтүү эл өткөрбөй койгонуна байланыштуу токой чарбанын жерине убактылуу төгүп турганбыз. Экологиялык техникалык инспекциядан, облустун жетекчилеринен ошону ташып алууга уруксат алганбыз. Ошол алтыны элене элек кенди 15-майда ташып алалы десек 50-60тай адам чогулуп, милицияга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да баш бербей, унаага жүктөлгөн текти кайра төктүрүп салышты.

Азыр “Кайди” компаниясынын ишканалары катуу кайтарууда турат. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ишканаларды өрттөйт деген сөздөрдөн улам аймакка Оштон кошумча күч барды.

ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, аймакка аталган башкармалыктын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков кошумча күч менен кетти:

- Азыр ушул саатта бардыгы көзөмөлдө. Коомдук тартипти сактоо максатында Оштон кошумча 150 милиция кызматкери алып барылды. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин баары Чоң-Алайда жүрөт.

Ал арада, 15-майда Кара-Казык кенин иштетүүгө каршы чыккандар Чоң-Алайдын акимине кол көтөргөнү маалым болду. Буга байланыштуу аким Абдилазиз Ашыралиев милицияга арыз жазды. Өзү алган жаракатынан ооруканага жатканы кабарланууда.
XS
SM
MD
LG