Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Өкмөт “Центерра” менен сүйлөшүүлөр тууралуу парламентте отчет берет


Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштетип жаткан “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы тууралуу келерки жумада Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берет.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Кыргыз тарап юридикалык жана экономикалык кеңеш берүүчү эл аралык эки компания жалдаганын, алар буга чейин Кыргызстанда болуп бийлик өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айтты. Бул компаниялар келерки аптада сунуштарын бермекчи.

Оторбаев 10-майда “Центерранын” акционерлеринин жыйынында “Кыргызалтындын” өкүлдөрү кадр саясаты, бонус жана сыйлык берүү боюнча бир катар сунуштарды айтканын, бирок добуш аз болгондуктан деректирлер кеңешинин чечимине таасир эте алышпаганын белгиледи. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG