Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Евробиримдик салык төлөөдөн качуу маселесин талкуулайт


Европа биримдигинин лидерлери Брюсселдеги саммитте салык төлөөдөн качууга каршы чараларды күчөтүү маселесин талкуулашмакчы. Акыркы кездери маалымат каражаттары салык жашыруу учурлары тууралуу көп жазышууда. Бүгүн эле жакырчылыкка каршы күрөшкөн “Оксфам” бейөкмөт уюму Евробиримдиктин салык аз алынган өлкөлөрүндө 12 триллиондон ашуун доллар жашырылганын маалымдады.

Уюмдун ырастоосунда, катылган суммалар дүйнөдөгү оффошордук байлыктын үчтөн эки бөлүгүн түзөт. “Оксфам” Еврошаркеттин жетекчилерин салыктарды жашыргандардын “кара тизмесин” түзүүгө чакырды. Европарламент шейшембиде 2020-жылга чейин жыйналбай калган 1 триллиондой евро салыкты 2 эсе азайтууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG