Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Өкмөт парламент сыноосунан өттү


23-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2012-жылы жасаган иштери боюнча отчетун угуп, катуу сындаганы менен аны канааттандырарлык деп тапты.

Өткөн жылы экономикадагы кескин төмөндөөнү токтотуп калганын айткан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев муну башкы милдет деп атады. Экономикадагы төмөндөөгө Кумтөрдөгү алтын казуунун көлөмү азайганы себеп болгон.

Депутаттар болсо, өкмөт берген убадаларын аткара албады жана жарандардын турмушу өзгөргүдөй кадамдарды жасай алган жок деп сындашууда.

Митингсиз өтпөгөн күндөр

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламентте сүйлөп жатып, 2012-жылы экономиканы кескин төмөндөтпөй кармап калуу башкы милдет болгонун айтты.

- Биз үчүн 2012-жылы ички жана тышкы факторлордун кесепетинен экономикалык өсүштүн кескин төмөндөп кетишин токтотуу эң башкы милдет болду. Экономиканын төмөндөп кетишине өнөр-жайдын өсүү темпинин 20 пайызга басаңдап кетиши, тагыраак айтканда Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн кескин кыскарып кетиши башкы себеп болду. 2012-жылы ИДП 304 млрд. сомду түзүп, ал 2011-жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга кыскарган.

Бирок Кумтөрдү эске албаганда, ИДП өткөн жылы 5 пайыз жогорулаган.
Ал эми инфляцияны өкмөт жана Улуттук банк башында болжогон 9 пайыздын деңгээлинде кармап калуу мүмкүн болгон.

Өкмөттүн маалыматында, экономика бир гана Кумтөргө көз каранды болбошу үчүн 2013-2014-жылдары Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводду, Талды-Булак Сол жээк, Бозымчак жана Иштамберди кендерин ишке киргизүү пландалып жатканы да айтылат. Премьер-министр Сатыбалдиев өлкөдө күн сайын болуп жаткан митингдердин экономикага тийгизген таасирин айта кетти.

- 2012-жылы өлкөгө келген чет элдик тике инвестициянын көлөмү 521 млн. долларды түзүп, 38 пайызга кыскарды. Өлкөдөгү инвестициялык кырдаалга таасир эткен бир мисалды келтирейин. 2012-жылдын 12 айында республикада 1286 митинг-жүрүштөр жана башка нааразылык акциялары өттү. Анын ичинде Бишкек шаарында 726, башкача айтканда 2011-жылга караганда 144 митингге көп болгон.

Митингдер өкмөттүн көңүлүн айрым маанилүү маселелерге бурганы менен көпчүлүк мезгилде инвесторлорду чочуткан, жеке кызыкчылыктагы талаптарды койгон фактылар болгону айтылды.

Тескери соода жүгүртүү өсүүдө

Өкмөт мүчөлөрүнө негизинен экономикага байланыштуу суроолор арбын берилип, эл өкүлдөрүн бюджеттин аткарылышы, салыктардын чогулушу, макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кумтөр жана экологиялык маселелер, мектептердин абалы кызыктырды. Мындан тышкары мамлекеттик органдар тарабынан болгон мыйзам бузуулар боюнча да дооматтар айтылды.

Оппозициялык азчылыктагы “Республика” фракциясынын депутаты Роза Акназарованын өкмөт башчыга суроо берип жатып билдиришинче, 2011-жылы соода жүгүртүүдөгү тескери сальдо 37 пайыз болсо, 2012-жылы ал 70 пайыздан ашып кеткен. Тескери сальдо бул импорттун экспортко карата катышынын өсүп кетишин түшүндүрөт. Роза Акназарова мындай дейт.

- 2011-жылдын жыйынтыгы менен карасак, соода жүгүртүүдөгү тескери сальдо 37 пайыз өскөн. 2012-жылы болсо, ал 70 пайызга көтөрүлүп жатат. Бир эле ушул көрсөткүч өкмөттүн кандай иштеп жатканын көрсөтүп коёт.

Өкмөт мүчөлөрүнө өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу да арбын суроолор берилди. “Ар-намыстын” депутаты Абдрахман Маматалиев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин беделине кызыгып, суроо менен кайрылды.

- Өкмөт мүчөлөрүнүн бедели боюнча жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы ЖМКга жана “Дело №” гезитине жарыяланыптыр. Сиз анын төмөн жагында жүрөсүз. Төмөн жагында жүрүп, мындан ары өкмөттү толук башкарып кете алам деп ойлойсузбу?

Жантөрө Сатыбалдиевдин буга жообу мындай болду:

- Кандай баа берсе, журналисттердин жана саясатчылардын өз эрки. Менимче, өткөөл мезгилдеги өкмөттүн рейтинги эч качан жогору болбойт. Анткени ал баарына эле текши жага бербеген кадамдарды жасайт.

Добуш берүүдөгү талаштар

Өкмөттүн иши боюнча токтомго баа берүүгө келгенде Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков өз сунушу менен чыкты.

- Албетте өкмөт 2012-жылы сентябрда түзүлдү. Балким ага толук кандуу баа берүү моралдык жактан туура эмес болуп калаар. Бирок кээ бир министрлер жумуштарын так аткара алган жок. Ошондуктан менде атайын сунуштар бар: добушка коюп, токтомго жазып койсок. Мисалы, коопсуздук жана мамлекеттик коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес. Мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылган жок.

Ал эми оппозициялык азчылык болсо, өкмөттүн ишинин жыйынтыгына добуш берүүнүн алдында кеңешүү үчүн спикерден 15 мүнөттүк тыныгуу сурады.

Кеңешүүдөн кийин "Ата Журттун” фракция лидери Мыктыбек Абдылдаевдин билдиргенине караганда, Кумтөр маселесин, мурдагы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча дирекциянын ишмердүүлүгүн, Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиялардын иштерин Жогорку Кеңеш карап жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча 2017-жылга чейин түзүлгөн стратегиялык планды бекиткен соң гана оппозициялык азчылык өкмөттүн ишине өз баасын берет.

Кызуу талаш-тартыштардан соң жыйынтыгында өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңеш 71 добуш менен канааттандырарлык деп тапты. Сатыбалдиев өзү болсо, жогоруда айтылган бардык маселелер боюнча парламентте жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сатыбалдиев башындагы өкмөт курамы былтыр сентябрь айынын башында мурдагы коалиция тарап, ал кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов кызматын тапшыргандан кийин келген. Сатыбалдиев 2012-жылы жасалган иштерде кемчиликтердин болушун өкмөттүн тез-тез алмашканы менен түшүндүрдү. Ал эми өкмөт 2013-жылдын биринчи кварталын 8 пайыз өсүш менен баштап жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG