Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Бишкекте провокациялык баракчаларды жайылткандар изделип жатат



Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Александр Белунскас маалымдады.

Анын айтымында, акыркы 2-3 күндөн бери борбор калаадан “балдар жоголуп, ички органдары жок табылып жатат” деген баракчалар табылууда. Белунскас бул жалган маалымат экенин, учурда аны таркаткандар изделип жатканын билдирди:

-Мындай баракчалардан Бишкекте жана жалпы өлкөдө дестабилизация кылууну көздөгөн белгисиз бирөөлөрдүн иш-аракетин көрүп жатам. Алар муну менен милиция кызматкерлерин иштебей жатат деп айыптоодо.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалымат боюнча акыркы төрт ай ичинде 104 бала жоголуп, алардын 101и аман-эсен табылган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG