Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Бишкекте ЖККУнун жыйыны башталат


27-майда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коргоо, тышкы иштер министрлери жана коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында Ооганстандагы абал, уюмга мүчө өлкөлөрдөгү коопсуздук, терроризм, экстремизмге каршы биргелешкен чаралар, чек арадагы кылмыштарды азайтуу маселелери талкууланмакчы. Жыйын соңунда коопсуздук, коргоо жана чек ара коопсуздугуна байланыштуу бир катар келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Ал эми 28-майда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери катышат. Анда Ооганстандан эл аралык коалициялык күчтөр чыгарылгандан соң пайда болчу коркунучтарга биргелешип күрөшүү жол-жобосу талкууланат.

ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Аталган аскердик-саясий уюм 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө.(BkA)

XS
SM
MD
LG