Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Барскоондо Кумтөрдү көздөй кеткен унаа жол жабык турат


Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында Кумтөр алтын кенине кетчү унаа жол кечээтен бери жабык турат. Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Эрмек Жунушбаевдин "Азаттыкка" айтымында, алар Кумтөр ишканасы жергиликтүү тургундардын, тагыраак айтканда, Саруу айылынын жашоочуларынын социалдык талаптарын аткарууга милдеттүү. Экология бузулуп, ден соолугу начарлаганын айткан 200дөй саруулук митингге кечээ чогулган. Нааразылык акциясын Барскоон - Кумтөр жолун жабуу менен улантуу чечими кабыл алынган.

Кабарчыбыздын айтымында, учурда жол тосулган жерде 150дөй киши турат, 5 боз үй тигилген.

"Кумтөр оперейтинг" компаниясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, жол чынында эле тосулуп турат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG