Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Пакистанда полиомиелитке каршы эмдөө программасы токтотулду


Пакистан бийлиги БУУ тарабынан каржыланган программа анда иштеген кызматкерлердин бири өлтүрүлгөндөн кийин токтотулганын билдирди. Шейшембиде өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарында полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жүргөн кызматкерлерге кол салган согушчандар бирөөнү өлтүрүп, экинчисин жарадар кылышкан.

Пакистанда согушкерлер тарабынан полиомиелитке каршы программанын кызматкерлерине кол салынган учурлар арбын. Согушкерлер эмдөө мусулман балдарга зыянын тийгизет, ал эми эмдөө жүргүзгөн кызматкерлер АКШнын шпиондору деп айтып келишет.

XS
SM
MD
LG