Бул тууралуу 29-майда Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда Гематология институтунун илимий изилдөө борборунун дарыгери, Нарындагы түрмөгө санавиация менен барып, Батукаевден анализ алып келген Мээрим Эралиева айтты. Ал анализди алып келип, Гематология институтуна тапшырганын билдирди. Бирок кийин кайра бир жолу анализди көргөндө анын алгачкысына окшобогонун, ал башка анализдин үлгүсү экенин байкаган.
Бирок аталган борбордун лаборанты Сопова бул пикирди жокко чыгарып, дарыгер жаңылышып жатат жана алынган анализ бирөө гана болгонун, ал алмаштырылбаганын айтууда. Сопованы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да жактап, Гематология институтунун жамаатындагы бул эки ача пикирди алардын эки жаат болуп, бир канча убакыттан бери соттошуп келе жатканы менен түшүндүрдү.
Парламент Жогорку Кеңеште Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун бүгүн да талкуулап жатат. (ZB)