Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Үсөнов жоголгону тууралуу милицияга арыз түшкөн жок


Милицияга Медер Үсөновдун жоголгону тууралуу маалымат же арыз түшкөн жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди.

Жалал-Абаддагы каршылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөновду бүгүн таңда үйүнөн белгисиз бирөөлөр алып кеткенин анын жубайы Махабат Апатаева “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Медер Үсөновду митингге чыккандар губернатор деп шайлап алышкан.

Жалал-Абад шаарындагы облустук акимиаттын алдында 31-майдан бери нааразылык акциясы өтүп жатат. Андагылардын негизги талабы - камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотуу, ошондой эле Кумтөрдүн иштешине каршы чыккан жетиөгүздүктөргө тилектештик билдирүү. (AKu)

XS
SM
MD
LG