Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Путин: Орусия C-300 ракеталарын Сирияга жибере элек


Бул билдирүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин Екатеринбургда Евробиримдиктин лидерлеринин жолугушуусунда жасады.

- С-300 боюнча айта турган болсом, бул чын эле дүйнө жүзү боюнча оперативдик-тактикалык ракеталардын мыктысы. Күчтүү курал. Биз аймактагы балансты бузгубуз келбейт. Келишимге бир нече жыл мурун кол коюлган. Азыр ал ишке аша элек", - деди Владимир Путин.

Сириянын президенти Башар Асад өткөн аптада телеканалга курган маегинде С-300 ракеталарынын биринчи бөлүгү Орусиядан келгенин айткан эле. Андан кийин Батыш лидерлери С-300 ракеталарын Сирияга сатылышын катуу сындашкан. Путин болсо Орусиянын Сирияга курал сатышын коргоп, эл аралык мыйзамдардын бузулбаганын айткан.

Орусиянын президенти ошондой эле Евробиримдиктин Сирияга курал сатууга койгон эмбаргосун сындаган. Путин чет өлкөлүк аскерлердин Сирияга киришин да сындаган, анын пикиринде бул кадам эки жылдан бери уланып келаткан жаңжалды чече албайт. Ушул убакыттын ичинде 80 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Сирия кризиси Путиндин Евробиримдиктин президенти Херман ван Ромпей жана Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасына айланды.

Буга чейин Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Москваны Сирия боюнча эл аралык конференциянын өтүшүнө тоскоол болбоого чакырган.
Сирия боюнча АКШ менен Орусиянын пикири да кайчы. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Сирияны курал менен камсыздашы терс кесепеттерге алып келет жана Израилдин коопсуздугуна коркунуч туудурат деген маанайда билдирүү жасаган.

29-майда Вашингтон Евробиримдик тарабынан Сирия оппозициясына карата курал эмбаргосунун жоюлушун колдогон. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни чечимди кубаттап, бирок АКШ бийлигинин сириялык оппозицияны куралдандыруу максаты жок экенин белгиледи. Ал ошондой эле Орусиянын Асаддын бийлигин курал менен камсыз кылуусун сынга алды.

Расмий Москва болсо Евробиримдиктин курал эмбаргосун жойгон чечимин сындап, бул эл аралык нормаларга каршы турат деп билдирген эле. Ошол эле учурда Орусия Сирия бийлигине С-300 ракеталарын берүү ниетин билдирип, бул Сирия чатагына айрым чет мамлекеттердин кийлигишүүсүн алдын алат деп белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG