Ала-Бука районунда селден жабыркагандардын чыгымдары эсептелип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Акылбек Ботобеков “Азаттыкка” билдиргендей, 4-июнда жааган катуу жамгырдан 139 гектар жер жараксыз абалга келген.
Сел жана мөндүр Ак-Коргон айыл округуна караштуу Сафед-Булан, Патек жана Баястан айылдарындагы эгиндерди жууп кеткен. Жергиликтүү бийлик жерди калыбына келтирүү үчүн дыйкандарга күйүүчү майдан жардам берип жатат. (SE)