“Жаңы Азербайжан” партиясынын бүгүнкү бешинчи курултайында президент Илхам Алиев партиянын төрагалыгына кайра шайланды, ал эми анын жубайы Мехрибан Алиева партия төрагасынын орун басарларынын бири болду.
Азербайжанда президенттик бийликти 2003-жылы атасынан мурастап калган Илхам Алиевдин бийликтеги экинчи мөөнөтү октябрда аяктайт.
2009-жылы Конституцияга киргизилген өзгөрүү Алиевдин үчүнчү мөөнөткө барышына жол ачкан.
Азербайжан оппозициясы жана укук коргоочулар Алиевди мамлекеттик иштерде жек-жаатчылыкка жол берген, өлкөнүн байлыгын жана ресурстарын бир үй-бүлөнүн колуна топтогон, жарандардын укугун такай бузуп келеатат деп айыпташат.
Азербайжанда быйылкы президенттик шайлоо октябрь айында өтөт. (UE)