Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

ЖК чет өлкөлүктөргө бала асыроого уруксат берүү маселесин кароодо


Парламенттин коррупуцияга каршы күрөшүү комитети бүгүн бул маселе боюнча социалдык өнүктүрүү министринин маалыматын укту. Депутаттар министрлик алып келген маалыматтар толук эместигине нааразы болушту. “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Роман Шин асыроого берилүүчү балдардын документтери так эместигин, алардын бирөөндө да ата-энесинин баладан баш тартканы тууралуу эч кандай документ жоктугун билдирди. Ошондой эле депутаттар кыргызстандык багар-көрөрү жок делген балдарды асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар тууралуу да эч кандай маалыматтар жоктугуна нааразылык билдиришип, тиешелүү документтерди толуктап келүү үчүн Социалдык өнүктүрүү министрлигине бир айлык мөөнөт беришти.

Өткөн жылы чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен мурдагы министр Равшан Сабиров жана анын орун басары Гүлнара Дербишева камакка алынышкан. Равшан Сабиров Бишкек шаардык соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылып, учурда жазасын өтөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG