Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

“Республика” коалицияга кошулганы жатат


"Республика" фракциясынын депутаттары.
"Республика" фракциясынын депутаттары.

Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө кошуу боюнча жумушчу топтор түзүлдү.

Учурда биригүү шарттарын аныктоо үчүн сүйлөшүү башталганы турат. Айрым серепчилер мунун башкы себеби катары коалициялык көпчүлүктүн ичиндеги ажырымды атоодо.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Республиканын” кошулуу чечимин коалициялык көпчүлүк кубаттады:

- Канат Исаев баштаган “Республика” менен “Ата-Журттан” чыккан депутаттар тобу менен биз башында эле бириккенбиз, азыр чогуу келатабыз. Коалициялык көпчүлүктүн соңку отурумунда “Республика” фракциясынын кирүү жөнүндөгү чечимин карадык. Алар беш кишиден турган жумушчу топ түзгөн экен. Биз да жумушчу топ түзүп, биргелешип иштесин деп чечтик.

“Республика” фракциясынын депутаты Назарали Арипов кошулуу демилгеси жаңы пайда боло калбаганын белгиледи:

- Көптөн бери эле бизде “көшөгө артында” кирсекпи, же кирбесекпи деген сөздөр жүрүп жаткан. Азыр эми кандай шартта киребиз, ошонун баары сүйлөшүүлөрдө аныкталат. “Киргиле, силер бизге керексиңер” деген шарттан биз алыс болушубуз керек. Киргенге жараша биздин ордубуз болушу керек. Өзүңөр билесиңер, 1,5 жыл мурун “Республика” фракциясы коалициялык көпчүлүктө болгон, премьер-министр бизден болгон. Ошол программалар кандай болот? Анын баары сүйлөшүлүп жатат.

Арипов “Республика” бул ирээт дагы премьерликти сурайбы, же жокпу белгилүү боло электигин кошумчалады.

Антсе да дагы бир "республикачы" депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, азыр фракцияда пикир бир кылка эмес:

- Биз азыр оппозициядабыз да. Анан биз бүгүнкү өкмөттү сындап жатабыз. Эгерде коалициялык көпчүлүк бизге шарт коюп, “сындабагыла, унчукпагыла” десе, ал бизге жарабайт. Фракцияда кошулабыз деген топ болсо, кошулбайбыз деген топтор да бар. Ошолордун баарын карап, угуп бир чечимге келет болушубуз керек.

Серепчилер “Республика” фракциясынын кошулуу демилгеси боюнча эки себепти атоодо. Талдоочу Закир Чотаевдин баамында, биригүүгө эң ириде “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары кызыкдар. Маселен “Республика” борбордук бийликтеги таасирин кайтарып алгысы келет:

-“Ар-намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Кулов коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп саналат. “Республика” болсо парламентте таасирин жоготууда. Анткени биз бул фракциядан айрым бир депутаттар бөлүнүп чыгып жатканын көрүп жатабыз. Бул кайсы бир деңгээлде “Республиканын” конструктивдүү оппозиция боло албай жатканы менен байланыштуу. Фракциянын айрым шаардык, же айылдык кеңештерде салмагы болгону менен, борбордук бийлик органдарда жана парламентте таасирин сактап калуу аларга маанилүү. Өткөн жылы Бабанов башында турган коалициянын ыдырышынын бирден бир себеби да “Республика” борбордук бийликте таасирин чыңдап алганы болгон.


Закир Чотаев дагы бир себеби катары коалициянын ичиндеги ыйкы-тыйкы мамилени атады:

- Азыр анча чоң эмес ажырым башталды. Ал ажырым соңку окуялар, ошол эле Батукаев, Кумтөр маселелери жана кадр саясаты, кайсы бир мыйзам долбоорлорду көтөрүү менен байланыштуу. Коалициянын ичиндеги фракциялар тез кагыша баштады. Бул өз кезегинде коалициялык көпчүлүк менен өкмөттүн тирешине алып келүүдө. Жакында эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кыхматтан кетти. Дагы бир топ мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орду бекем эмес. Ушундан улам коалициялык күчтөрдүн ичиндеги ажырым андан дагы чоңоюп кетиши ыктымал болгон чакта парламенттик көпчүлүк дагы бир кошумча вариантты караштырып жатат.

Азыркы “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы өткөн жылы сентябрда түзүлгөн болчу. Ал Социал-демократтар, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан турат. Андан мурунку парламенттик көпчүлүктө “Республика” фракциясы бар эле. Ал “Ар-намыс” менен “Ата Мекендин" айынан ыдыраган.

XS
SM
MD
LG