Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Жашыруун программа: коопсуздук жана эркиндик


Бир нече күн мурун АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде (NSA) иштеген 29 жаштагы Эдвард Сноуден жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун эки программа тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып жиберген. Телефондорду тыңшоо маселеси Кыргызстанда да козголуп жүрөт.

Сноудендин маалыматынан кийин АКШ бийликтери интернет-компаниялардан чет элдик кардарлары тууралуу маалымат алганын тастыктады жана жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасы жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсү, өлкөнүн коопсуздугуна орчундуу зыян келтирээрин белгиледи. Ошол эле маалда укук коргоочулар жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү адам укуктарын одоно бузуу болуп саналаарын айтып сындашууда.

"Көз кароол артыңан калбайт...”

...Албетте аны дал ушул мүнөттөбү же кайсы бир башка маалда аңдып жатышат - эч ким билген эмес. Ой тыңшагыч полиция сенин кабелиңе качан жана канча саат сайын жармашып аларын жоромолдогондон башка арга жок болучу. Күнү-түнү дебей ар биринин артынан аңдып жүргөндөрү ажеп эмес эле. Иши кылса каалаган маалда сары изиңе түшүп алышмак. Айтор, ушинтип жашоого туура келген. Сен да ар бир сөзүңдү тыңшап жана жарык өчкүчө ар бир кыймылыңды жаза кетирбей аңдып жатышканын сезүү менен жашоого көнгөнсүң. Ал адат болуп, бара-бара инстинктке айланып калды.

Бул - Жорж Оруэллдин “1984” деген антиутопиялык романынан үзүндү. АКШнын көзөмөлдөө программасын кээ бир маалымат каражаттары же аналитиктердей болуп "Көз кароол" (Big Brother) менен салыштыруу туурабы? Ушундай аналогия канчалык орундуу? Америкалыктар же ал өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын ар бир кадамына мамлекет көз салып турабы? Ар бир айткан сөзү жазылып, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшашабы?

- Кайсы гана аналитик болбосун, каалаган убакта, кимдин болбосун изине түшө алат. Ар кандай кат алышууларды көзөмөлгө алуу байланыш түйүнүнүн жана мекеменин диапазонуна жана талдоочунун укугуна жараша болот. Бардык эле аналитиктер каалаган нерсесин көзөмөлдөй албайт. Бирок мен жумуш ордуман сизди же сиздин бухгалтериңизден тартып федералдык сотко, атүгүл президентке чейин тыңшаганга укугум бар болчу, албетте электрондук даректери бар болсо, - деген Эдвард Сноуден 9-июнда британиялык “Гардиан” гезитинин сайтында жарык көргөн видеодо.

Басылмалар Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) мурдагы кызматкери Сноудендин маалыматтарына таянып жазышкандай, АКШ өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү аракеттеринин алкагында миллиондогон телефондорду угуп, интернеттеги маалымат алмашууларга көз салып турат.

Өңүт берүүсүн толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:48 0:00
Түз линк


Телефондордогу тыңшоого агенттикке атайын сот чечим чыгарып, уруксат берген. Атап айтканда, “Верисон” телеком компаниясы АКШнын ичиндеги жана сыртка чалуулар жазылган маалыматтарды агенттикке өткөргөн имиш. Белгилей кетчү жери – сүйлөшүүнүн мазмунун алыш үчүн соттун санкциясы керек, телеком жөн гана телефон чалуунун датасы, узундугу, номерлер камтылган маалымат менен бөлүшкөн.

Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясына киргизилген төртүнчү түзөтүү америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн негизсиз укканга тыюу салат. Бирок бийликке байланыш компанияларынын ээлигиндеги маалыматтарды пайдаланганга уруксат берилет.

Улуттук коопсуздук агенттигинде ошондой эле Facebook, Google, Microsoft жана Yahoo өңдүү ири интернет компаниялардын серверлерине түз кирип туруу механизми бар экен. АКШнын чалгындоо кызматынын директору Жэймс Клаппер маалымат чогултууга 1978-жылы кабыл алынган “Тышкы чалгындоо көзөмөл акты” жол берээрин ырастоодо. Ал эми сөз болгон компаниялар билип туруп, өкмөткө ошондой уруксат беришкенин четке кагышууда.

АКШ бийликтери интернет-компаниялардан чет элдик кардарлары тууралуу маалымат алганын тастыктады жана жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасы - PRISM жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсү өлкөнүн коопсуздугуна орчундуу зыян келтирээрин белгиледи.

PRISM, маалыматтарга караганда, электрондук почта, видео, фото, IP менен сүйлөшкөндө добуштарды, жөнөтүлгөн файлдарды, социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарды көзөмөлдөйт. Бийликтегилердин ырастоосунда, бул программа терроризм үчүн шектелген чет өлкөлүк жарандарды таап-аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Коопсуздук маселелери боюнча америкалык эксперт Кристофер Свифт PRISM программасы тууралуу буларды айтат:

- PRISM программасы кантип иштейт? Телефон сүйлөшүүсүнүн узундугу, кайсы номерлерге чалгансыз, чөнтөк телефонуңузда GPS бар болсо, кайдан чалганыңызды аныкташат. Сүйлөшүүнүн мазмунун жаздырбастан, жалпы мүнөздөмө берген маалыматтар чогултулат. Ал эми сүйлөшүүнүн мазмуну жаздырылган тасманы алыш үчүн тиешелүү органдан ордер керек. Ал үчүн жүйө олуттуу болууга тийиш. Айталы, ал адам башка өлкөнүн тыңчысы же террордук кутумга аралашкан деген шектенүүлөр бар болсо. Бирок кимдир бирөөнүн телефонун тыңшоо үчүн 3 укуктук моментти унутпоо зарыл. Жалпы маалыматтар менен сүйлөшүүнүн мазмунун айырмалай билиш керек. Дагы бир маанилүү жери – ошол көзөмөл чаралары теракттардын алдын алууга чындап эле жардам береби? Америкалыктардын көбү эркиндик менен коопсуздук ортосундагы тең салмактуулук сакталыш керек деп эсептешет. Абсолюттук коопсуздук бар жерде, эркиндигиңиз чектелет. Ал эми толук эркин болгуңуз келсе, коопсуздугуңуз камсыздалбай калышы мүмкүн.

Президент Барак Обама аңдуунун андай ыкмалары терроризмге каршы күрөштө маанилүү инструмент экенин айтып, ал программалар мыйзамдуу негизде иштеп жатканын, Конгресс аларды көзөмөлдөөрүн белгиледи. 7-июнда америкалыктарга кайрылган Обама “телефон сүйлөшүүлөрүңөрдү эч ким тыңшабайт” деп ишендирди.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни 10-июнда мындай деген:

- Потенциалдуу террористтерди таап чыгуу үчүн мындай программалар болушу керек. Улуттук коопсуздук агенттигинин директору белгилегендей, президент тактагандай, эки программа тең бийликтин үч бутагы - конгресс, аткаруучу бийлик жана соттун керектүү процедураларынан өткөн.

Сөз болгон PRISM программасы 2007-жылы президент Жорж Буштун тушунда көзөмөлдөө тууралуу мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин ишке кирген. Ал былтыр дагы бир жолу жаңыланды.

Бийликтин ишендирүүлөрүнө карабай, АКШ бийлиги туш-туштан сынга кабылды. Айрымдар андай көзөмөлдөө программалары демократияга коркунуч туудураарын, башкалары адам укуктары одоно бузулуп жатканын айтышат.

Конституциялык укуктарды коргоо жаатындагы лидер - Американын жарандык эркиндиктер бирикмеси АКШ өкмөтүн сотко берээрин билдирди. Уюм андай аңдуу программалары жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү, эркин чогулуу укугун бузуу болуп эсептелээрин айтып, бийликти аларды токтотууга үндөдү.

Америкалык бийлик болсо Кристофер Свифт жогоруда сөз кылган эркиндик менен коопсуздук ортосундагы тең салмактуулукту сактоо керектигине басым жасоодо.

- Биз улуттук коопсуздук жана адамдардын жеке жашоосунун кызыкчылыктарын тең салмакта кармашыбыз керек. Президенттин администрациясы, анын командасы бул көрүнүшкө баа берүүдө. Бул маселе дебаттардын темасы болушу мүмкүн, - деди Карни.

Ошол балансты кантип сактаса болот? Бир четинен ар бирибиз кимдир бирөөнүн жеке турмушубузга кийлигишүүсүн каалабайбыз, экинчи жагынан коопсуз коомдо жашоо – ар бир адамдын укугу. Айрымдар “ооба, жеке турмушту коргоо тууралуу мыйзамдын бузулушу мени кооптондурат, бирок 11-сентябрдын кайталанышы андан да көп чочутат” дешет.

Свифт эркиндик менен коопсуздук ортосунда тандаш керек деген ойго кошулбайт:

- Эркин коом тоталитардык коомго караганда азыраак корголот. Эркиндик же коопсуздук маанилүүбү деп сурабастан, маселеге бир нече өңүттөн кароону сунуш кылат элем. Биринчиден, бул программа Конституцияга каршы келбейби? Экинчиден, ал канчалык эффективдүү? Чындап эле коопсуздукту жакшыртууга жардам береби же кезектеги пайдасыз бюрократиялык программабы? Жана канчалык акылдуу түзүлгөн, же башкача айтканда, жагымсыз кесепеттерге алып келбейби? Программа ушул 3 критерийге жооп берсе, анда ал анча деле жаман эмес деп ойлойм. Толук маалымат жок болгондуктан анын канчалык мыйзамдуу жана натыйжалуу экенин айта албайм. Бирок ар тараптан ойлонуп түзүлгөнүнөн күмөн санайм.
Эркиндик же коопсуздук ортосунда тандаш керек деп айыптайт элем. Тоталитардык мамлекет менен 11-сентябрдын кайталанышын таразалоодон алысмын. Программа жогоруда айткан 3 критерийге төп келбесе, анда эмне жасап атканыбызды кайра карап чыгуу зарыл.


Эң кызыгы, айрым сурамжылоолор көргөзгөндөй, америкалыктардын көбүн купуя программанын шардана кылынышы анча камтама кылбайт өңдөнөт. Элдин пикирин сурап билүүлөргө ылайык, сурамжылоого тартылгандардын 56 проценти мамлекет терроризмге каршы күрөшүү үчүн андай ыкмаларды колдоно берсин деп жооп беришкен.

Сын сөздөр АКШнын Европадагы өнөктөштөрү тарабынан да айтылууда. Евробиримдиктин юстиция маселелери боюнча комиссары Вивиан Рединг АКШнын башкы прокуроруна кат жолдоп, "Европа өлкөлөрүнүн жарандары алардын жеке маалыматтары чалгындоо программасына камтылып же камтылбаганын билүүгө укуктуу",- деди.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штефен Зайберт президент Обама Берлинге келгенде бул маселе козголоорун айтты.

Жогоруда АКШнын жашыруун программасын Жорж Оруэллдин "Көз кароолу" менен салыштырып жатышканын айттык эле. Мындай салыштыруу канчалык орундуу? Бул суроону Кристофер Свифтке да жолдодук.

- Менимче, мындай аналогия таптакыр жаңылыш. Оруэллдин концепциясы боюнча өкмөт эмне кылып атканыңды билип турат, “узун кулактары” бардык жерге жетет. АКШны карасаңар, маалымат каражаттарында, блог мейкиндигинде, радио, телеканалдарда ар түрдүү ойлорду, ар кыл көз караштарды жолуктурасыңар. Атүгүл Конгрессте ар түрдүү ойлорду, бийликтин позициясынан кыйла айырмаланган пикирлерди укса болот. Ушундай дискуссия, талкуу бар жерде мамлекет тоталитардык көзөмөл орното албайт. АКШда андай жаңылыш аналогия тууралуу сөз кылуудан абдан этият болуш керек.
XS
SM
MD
LG