Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алышты. Депутат Абдрахман Маматалиев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, Биринчи май районуна Чыңгыз Айтматовдун, Свердлов районуна Исхак Раззаковдун атын берүү сунушталууда.
Аталган мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда депутат Жылдыз Жолдошева Ленин жана Октябрь райондорун Курманжан Датка жана Шабдан баатыр райондору кылып атоону сунуштаса, Элмира Жумалиева борбордо дагы бир район түзүп, ага Кара кыргыз автономиялуу облусунун биринчи төрагасы Иманалы Айдарбековдун атын берүү демилгесин көтөрүп чыккан. Мындай сунушка Бишкек мэри Иса Өмүркулов каршы пикирин билдирип, райондорду аталышын өзгөртүүгө кеткен каражатты башка тармактарга жумшоо зарылдыгын айтып чыкты.(BkA)