Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Коргоо кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат


Коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйынын президент Алмазбек Атамбаев ачып, сөз сүйлөдү. Андан кийин жыйындан журналисттер чыгарылып, учурда жабык эшик артында өтүп жатат.

Ушул тапта Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан коргоо кенешинин жыйынында үч маселе каралары айтылган. Алар: Кыргыз Републикасынын аскерий доктринасы, КР Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жана Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси.
Жыйында бул маселелер боюнча Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков баяндама жасашары айтылган.(ZB/ZKo)

XS
SM
MD
LG