Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Үч депутат эми Жогорку Сотко барат


Жогорку Сот парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатынын ишин 16-июлда караганы жатат.

Башкы прокуратура буга чейин шаардык соттун депутаттарды актаган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп атап, жогорку инстанцияга көзөмөл ирээтинде сунуш жөнөткөн эле.

Ал арада акталган депутаттардын бири Камчыбек Ташиев башкы прокурор Аида Салянованы туура эмес маалымат таратууда деп айыптады.

Башкы прокуратура Жогорку Соттон “Ата-Журттун” депутаттары боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алууну сурап жатат. Мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды актаган чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептешерин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов чечмелейт:

- Жогорку Кеңештин үч депутаты алардын иши соттук кароодо турганда Башкы прокуратура кийлигишип, сотторго басым көрсөттү деп билдирген. Башкы прокуратура соттук бийликке кылмыш ишти кароодо эч кандай кысым жана таасир көрсөткөн эмес. Мындай да болушу мүмкүн эмес. Буга Бишкек шаардык соттун судьяларынын өкүмү толук күбө боло алат. Башкы прокуратура шаардык соттун мыйзамсыз жана негизсиз чечимине өзүнүн мыйзамдагы даттануу укугун колдонот. Жогорку Сотто мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте үч депутаттын күнөөсү далилденет.

Прокуратура тергөөнүн жүрүшүндө депутаттардын күнөөсү толук далилденген деп эсептейт. “Бийликти күч менен басып алуу, күч менен кармап туруу”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” деген беренелер менен күнөөлөп, 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.

Бишкек сотунда акталган депутаттардын бири Садыр Жапаров болсо тергөөдө алешемдиктер кеткенин айтуу менен сотторго кысым болуп жатканын кошумчалады:

- Эми бир Кудайдын айтканын көрөбүз. Ак үйдөгүлөр сотторду кысымга алып атат. Жогорку Соттун төрайымы да башында турат. Ошол шаардык соттун судьяларын чакырып алып, “өзүң арыз жазып жумуштан кет” деп кыйнап атышат. Шаардык соттун чечимин кайра кароого жөнөтөсүңөр деген кысым болуп жатат. Ошондой да болуп кетиши мүмкүн. Ал эми биздин кийинки кадамдар кандай болору сот чечиминен кийин билинет. Азыр алдын ала айтпай туралы.

Кысым тууралуу дооматты Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева четке какты:

- Бул чындыкка жатпайт. Жергиликтүү болобу, шаардык соттобу, айтор ар бир судья өз алдынча, алар мыйзамга гана баш ийет. Үстүнөн басым көрсөтүүгө укугу жок. Мыйзам боюнча Жогорку Соттун төрайымы да алардын чечимине кийлигишүүгө, “андай чечкиле, мындай чечкиле”, дегенге укугу жок. Атүгүл аларды жумуштан кетиргенге укугу жок.

Ал арада Камчыбек Ташиев башкы прокурор Аида Салянованы жалган маалымат таратууда деп айыптаган билдирүү жасады. Анда башкы прокурор маалымат агенттиктеринин бириндеги маегинде кылмыш ишти тергөөдө аныкталган курал-жарактын баары Ак үйдүн жанынан алынган деп айтканы туура эместиги, коомчулукту адаштырган маалымат экени айтылган. Буга Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.

Шаардык сот “Ата-Журттун” депутаттарын 17-июнда актаган. Депутаттар баштаган алты адам былтыр октябрда Бишкекте Ак үйдүн жанында Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн болчу.

Шаардык соттун өкүмү чыгайын деп калганда Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлери аларды чыгаруу талабы менен Ош-Бишкек жолун бууган болчу.

XS
SM
MD
LG