Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

"Кыргызстанды кыргызча сүйөм"


Георгий Василиада.
Георгий Василиада.

Грекияда 21 жылдан бери жашаган Георгий Василиаданын кыргыз тилин билери тааныбаган адамдын капарына келмек эмес. Бирок баарлашсаң аны грек деп ойлобойсуң.

Басса-турса Кыргызстан оозунан түшпөгөн бул адамды жакындан билмекке кепке тарттык.

-Таластын Бейшеке деген айылында туулгам. Ата-энем Бейшекеге 1942-жылы көчүп барышкан экен. Ага чейин Кавказды жердешиптир. Сталиндин буйругунун негизинде ал жердеги гректер да Борбор Азияга көчүрүлгөн экен согуш маалында. Негизи гректер Ноокатта да бар. Таластын Кара-Буура ( мурдагы Киров) районунда жетимишке жакын үй-бүлө жашайт элек. 1992-жылы союз тараганда биз да көчтүк. Баары эле кетип калды деп айталбайм. Анча-мынчасы калган.

Георгий Василиада жаш чагында. Отургандардын ортосунда Түгөлбай Казаков
Георгий Василиада жаш чагында. Отургандардын ортосунда Түгөлбай Казаков
​Интернетте Георгийдин блогу бар. Аны ачканда эле согуп турганга окшогон жүрөк анан “Сен деп согот жүрөгүм Кыргызстан!” деген жазуу дароо эле көзгө урунат. Андан кийин желбиреген кызыл туу астында ыраматылык Шамшыбек Өтөбаев аткарган "Атажуртум" аттуу ыр, оркестр менен жазылган музыка, комуз күүлөрү, мурдагы, кийинки обончулардын мекен тууралуу ырлары жайгаштырылган. Кыскасы, Юра байкенин блогун ачканда эле кыргыз жыты же мекенге болгон кусалыктын илеби сезилет.

- Бул менин үчүнчү блогум. Муну патриот көрүнөйүн деп жасаганым жок. Туулган жерди сагынам да. Анан ошол сүрөттү көрүп, ырларды угуп турайын дегем. Эски ырлар байбичем экөөбүзгө өткөндү эске салат. Балалык, жаштык калган айыл. Бармактайдан бирге өскөн досторум... Кыргызчаны балдарым дагы түшүнөт. Күнүгө ыр уга берсең кулакка сиңип калат экен. Мен кээ бир адамдардын "тилди унутуп калдык" дегенине ишенбейм. Үйрөнгөн, кан-жаныңа сиңген тил кантип эле унутулуп калсын?

Георгий туулган жерге миң мертебе ыраазы. "Баарын үйрөткөн, адам катары калыптандырган, ушул даражага жеткирген кыргыз жерим, кыргыз элим" деп эсептейт.

Үй-бүлөсү менен
Үй-бүлөсү менен
- Паспортуңа жазылса эле кыргыз болуп калбайсың, кыргыз деген жан дүйнөңдө жок болсо, кыргызча сүйлөбөсөң, кыргызча ырдабасаң кыргыз болбойсуң. Паспортумда грек деп жазылганы менен, жүрөгүм "Кыргызстан" деп согот. Кыргызстанды кыргызча сүйөм.

​Комуз күүлөп, кол ойнотуп ырдап калат. Жакшы көргөн ырларды жаттап алам дейт. Талас тууралуу бул ырдын кийинки куплеттерин таппай жүргөнүн айтты:

Туулуп өскөн жерим кең Таласым,
Эл коргоп жүргөн жери эр Манастын.
Тоолорун, токойлорун, шиберлерин,
Бир көрсөң оозуңду ачып таңгаласың.


Мен ушул төрт сабын эле билем. Калганын таппай жүрөм. Досторум таап беребиз дешти эле. Алар менен күнүгө байланышып турам. Скайптан сүйлөшүп атканда кыргыз ырларын комуз коштоосунда ырдап беришет. Андайда дароо тоонун таза абасы, шаркырап аккан суулар көз алдыга тартылат. Чынын айтканда, Грекияга келгенде кыйналдык. Жанагы эки түрдүү коргошун эрип, кошула албагандай эле болду да. Бара-бара көнөт экенсиң. Таза иштеп, ак эмгегибиз менен үй салып, ирдендик. Соода-сатык менен алекпиз. Эми пенсияга чыксак, Кыргызстанга барып келебиз буюрса.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG