АКШда Максим Бакиевдин 74,4 миллион долларлык банктык эсептери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдер жана акча боюнча америка өкмөтүнө кайрылуу жолдонгон. Ал жерден атайын юридикалык фирма кыргыз тарапка жардам берип, атайын иликтөө жүргүзүп жатат. Анын негизинде Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктык эсептер табылды:
- 5 миллион доллар жаткан эсеби камакка алынды. Андан башка Максим Бакиев баалуу кагаздарды сатып, 9 миллион пайда көргөн экен, ал да камакка алынды. Андан башка мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен Американын коммерциялык банктарындагы 60 миллион долларлык эсеп да камакка алынды.
Америкалык банктар Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү банктар менен иштеп, андан пайда көргөн деп табылды жана ушул тапта жогорудагы суммалар сакталган эсептер камакка алынды. Азыр тергеп-иликтөө жүрүп атат, эми негизгиси ушулардын баарын далилдеп туруп, Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн иштер жүрүп жатат, - деди Сариев.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бир катар коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Апрел окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткендиктен ал сыртынан соттолду. Учурда Максим Бакиев Британияда жашайт. (GA/RK)