Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Өкмөт башчы жол кырсыгын иликтөөнү тапшырды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тергөө органдарына 13 адам каза болгон Жети-Өгүздөгү авто кырсыктын себебин териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ошондой эле өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттыкты сактоо министрликтерине жана өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнө кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү тапшырмасын да берген.

Кечээ Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учурап, 13 адам каза тапкан. Дагы 9 адам ар кыл жараат менен ооруканада. Алдын-ала божомолдор боюнча кырсыкка кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. (BkA)
XS
SM
MD
LG