Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Артыкбаев: Энергетикага баа аз-аздан өсөт


Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Энергетика биздин негизги байлыктарыбыздын бири, бирок бул тармакта жеңил болгон жери жок. Сиз келгени тарифти көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлүп жатат. Өзүңүз да айттыңыз. Дүйнөлүк Банк тарабынан айтылды. Тариф көтөрүлөбү?

Артыкбаев: Бүгүнкү күндө биздин энергетика жардын башында турган абалда. Акча таңсыктыгы 4-5 миллиард сомдун тегерегинде. Ар бир компания өзүн өзү акча менен камсыз кыла албайт. Ошого жараша кышкыга даярданууга акча жетпейт. Жаңыланууга акча жетпейт. Чогултулган акча тиягына тартса биягына жетпейт, электр энергиясын өз баасынан төмөн сатканга байланыштуу. Донорлорго, башкаларга кайрылып, жаңыртууга аракет кылып атабыз. Ошол эле АБР, Дүйнөлүк Банктан кредит түрүндө келип атат. Бирок ушулардын бардыгы өзүнүн чегине жетип калды. Бүгүн айтып атышат, эгер силер реформа кылбасаңар жардамды токтото турган чекке келдик деп.

Биздин чоң саясат үч-төрт жылдын ичинде Казакстандан көмүр алууну токтотуп, өзүбүздүн көмүрдү өндүрүүгө баратат.


Экинчиден, башкарууну сөзсүз оңдошубуз керек. Былтыркы жоготуу 22 пайыздын тегерегинде деп айтылып атат. Жоготууну төмөндөтүшүбүз керек. Коммерциялык жоготуу деген болбошу керек. Бул - уурулук. Техникалык жоготууну төмөндөтүшүбүз керек. Ал үчүн инвестиция, акча керек. Мына ушуларды чечкенге аракет кылып жатабыз.

Мен бир маселени айтайын, кудай буюрса, Казакстанга сууну 4 центтен экспорттоого сүйлөштүк. Бул тарыхый чечим болду. Бул оңой болгон жок. Алар былтыр 2,8 центтен алыптырбыз, ошого 10 пайыз кошуп берип алалы дешти. Биз мындай болбойт, сууну бербейбиз, суу аз быйыл, силерге арзан берип, отунду кымбат даярдасак экономикабыз кантет, эл, мамлекет кандай түшүнөт деп, ушул позицияны кармап, ынандырдык. Казакстанды да биз түшүндүк. Буларда электр энергиясы жетиштүү, бирок суу маселеси кыйын. Күн ысык болуп, талаалар күйүп кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Азыр сиздердин оппоненттер Казакстандын Шабыркүл көмүрүн Кыргызстан кымбат сатып алды деп айтып атышат. Арзан жолдору табылган жокпу?

Артыкбаев: 450 миң тонна көмүргө тендер жарыяланып, өттү. Үч-төрт компания катышты. Эң төмөнкү баа тоннасына 43,5 доллар, жогоркусу 50-55 доллар болду. Министрдин орун басары баштаган атайын делегация Казакстанга барып, өкмөт мүчөлөрү, көмүр компаниялардын жетекчилери менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Биздин ТЭЦке Шабыркүл кени байланган экен. Сүйлөшүп отуруп, 42,5 доллардан деп быйылкы жылга макулдашып келишти. Биз былтыр 41,5 доллардан бердиңер эле, быйыл эмне үчүн мындай десек, тарифтердин өскөндүгүнө байланыштуу ушундай болду, алсаңар алгыла, албасаңар башка жакка сатабыз дешти. Бизде башка мүмкүнчүлүк жок. Аргасыз кадам болду.

Кудай буюрса эмдиги жылдан баштап импорттун көлөмүн азайтабыз. Биздин чоң саясат үч-төрт жылдын ичинде Казакстандан көмүр алууну токтотуп, өзүбүздүн көмүрдү өндүрүүгө баратат.

“Азаттык”: Билесиз, мурда Ширшовдун схемасы, Максимдин схемасы деген айтылчу эле. Азыр эми маалымат каражаттарында Артыкбаевдин схемасы деген түшүнүк, термин пайда боло баштады...

Популисттердин катарында ушундай экен дей берсем бир күнү аңга түшөбүз дагы, анда жарык дагы, тариф дагы жок болот. Ошондуктан тарифти асмандатпай, аз-аздан, коммерциялык, ишкердик максаттагыларга бааларды рентабелдүү коюп берип, бул кризистен алып чыгышыбыз керек.


Артыкбаев: Артыкбаевдин схемасы – элдин схемасы. Кудайдын алдында, орозо убагында сүйлөп отурам: биздин кызыкчылык – элдин кызыкчылыгы. Пенсиясы жетпей отурган, бөйрөгү иштебей кезекте турган адамдардын кызыкчылыгы. Мен ар бир тыйынга, ар бир тамчы сууга жоопкерчиликтүүмүн. Бул сөздөрдүн бардыгы ортомчулуктан кетип калгандардыкы. Андай сөз 2010-жылы да чыккан. Акырында аракет кылып, мени кетирип жиберишти да. Эмне үчүн? Себеби, булардын талылуу жерин кармап, аны элге кайтарып берип атканбыз. Азыр да ошолор маалымат каражаттарын, кээ бир адамдарды жалдап, ошолор аркылуу айттырып, аракет кылып атышат. Бирок ал сөздөрдөн коркпойбуз. Кудайдын, элдин алдында такпыз. Элге кызмат кылабыз.

“Азаттык”: Негизи энергетика тармагы саясатташкан тармак болуп калбадыбы. Биринчиден, мен тариф көтөрүлөбү деген суроого жооп ала албай жатам...

Артыкбаев: Тариф маселеси боюнча мен сизге бир мисалды келтирейин. Бизде адам канчалык бай болсо энергетикалык жардамды мамлекеттен ошончолук көп алат. Кээ бир байлар кышкысын 20 миң киловатт саатка чейин жагып, 10 миң сом жардам алат. Ошол эле убакытта 500 киловатт энергия жаккан жөнөкөй адам мамлекеттен 250 сом жардам алат. Эмне үчүн тарифти байларга жок дегенде өз баасында бербейбиз?

“Азаттык”: Негизи сиз министр катары тарифтин көтөрүлүшүн колдойсуз?

Артыкбаев: Мен катаал убакта келген министр катары кайсы жерде кандай коркунучтар барын элге ачык айтышым керек. Мен популисттердин катарында ушундай экен дей берсем бир күнү аңга түшөбүз дагы, анда жарык дагы, тариф дагы жок болот. Ошондуктан тарифти асмандатпай, аз-аздан, коммерциялык, ишкердик максаттагыларга бааларды рентабелдүү коюп берип, бул кризистен алып чыгышыбыз керек. Ансыз андан кутула албай калабыз.

“Азаттык”: Мен жогоруда энергетика саясатташып кетти деп айтпадымбы, бааны көтөрөм деген Данияр Үсөновдун кырдаалын билесиз. Министрлер курмандыкка чалынып кеткен учурлар бар. Сиз мурда бул кызматтан кантип алынып калганыңызды өзүңүз айтып отурасыз. Сиз дагы бир курмандыкка чалынып калам деп коркпойсузбу?

Артыкбаев: Курмандык болуп калат экемин, калп болсо деле жага турган сөздү айта берейин, эптеп-септеп бир жыл болсо да отурайын, анча-мынча тыйын таап алып кетейин деген максат менен келсем отура бермекмин. Мен ачык сөздү айтышым керек. Эл менен, адистер менен кеңешип, чыга турган жолго барышыбыз керек. Ошон үчүн келдим. Уурулукка жол бербейбиз. Уурунун баары отурушу керек, отура турган жеринде. Таза адамдар көп. Ошону ишке киргизип, элге таянып, бул маселени баары бир чечип чыгабыз.

“Азаттык”: Жаңы министр катары энергетика тармагындагы саясатка, анын ичинде тариф саясатына саясий жетекчилик кандай карап атат, колдоп атабы?

Артыкбаев: Энергетика саясаты министрдин мойнунда да. Ошол жоопкерчиликти мен өзүм мойнума алдым.

"Газпром" газды кымбаттатпайт

Артыкбаев: "Газпром" газды кымбаттатпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG