Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Мигранттар полициянын киреше булагы


Мыйзамсыз мигранттардын лагери. Москва, 5-август, 2013-жыл.
Мыйзамсыз мигранттардын лагери. Москва, 5-август, 2013-жыл.

Орусиядагы акыркы рейддер учурунда жүздөгөн эмгек мигранттары кармалган. Өлкөдөгү улутчулдар бийликтин бул чарасын колдошту.

Бирок маселеге тереңдеп карагандар, муну менен мыйзамсыз миграция көйгөйү чечилбей турганын, полициянын жана башка бийлик адамдарынын мигранттардан пара доолаган системасы иштей берерин айтышууда.

Москванын полициясы акыркы аптада 1400дөн ашуун мигрантты кармады. Алар Вьетнам, Азербайжан, Сирия, Марокко, Египет, Өзбекстан, Кыргызстан өңдүү мамлекеттердин жарандары. Кармалгандардын 600дөн ашууну атайын уюштурулган лагерге киргизилди жана депортацияны күтүшүүдө.

Орусиянын миграция чөйрөсүн тейлеген расмий өкүлдөрүнүн өлкө боюнча дагы 80дей лагерь уюштурулат деген билдирүүлөрүнө караганда, мыйзамсыз делген мигранттарга каршы күрөш алдыда күч алчудай. Бирок сынчылар мыйзамсыз миграцияга каршы учурдагыдай ыкма менен күрөшүү оң натыйжа деле бербей турганын, проблеманын өзөгү баары бир көз жаздымда калып жатканын белгилешүүдө. Ал өзөк маселе мигранттар менен иш алып барган полиция, чиновниктер жана ортомчулар арасында паракорчулуктун кеңири жайылганы.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Мохаммед Мажумдер мындай дейт:

- КМШнын жарандары жумушка уруксат алыш үчүн 2000 гана рубль төлөшү керек. Иш жүзүндө алар 20-25 миң рубль коротушат. Баа канча эсе өсүп кеткенин көрүп жатасыз. Биздин чиновниктер миңдеген ортомчу фирмаларды түзүшкөн. Бул мыйзамсыз бизнес мигранттардын эсебинен күн көрүп жатат.

Мохаммед Мажумдер кошумчалагандай, Орусиядагы 10 миллиондой мигранттын 90% өлкөдө мыйзамсыз жүрүшөт. Мындай абал аларды кызматынан кыянат пайдалаган чиновниктер, шантаж жасагандар алдында абдан эле аярлуу кылып коюуда.

Мигранттар кармалган учур. Москва, 30-июль, 2013-жыл.
Мигранттар кармалган учур. Москва, 30-июль, 2013-жыл.
Орус полициясынын мигранттарга каршы соңку жортуулуна дагестандык дарбыз сатуучулар Халимат жана Магоммед Расуловдордун Москванын Матвеевский базарында бир полициячыны катуу сабап салганы түрткү берди. Жаңжал дарбыз саткандардын полиция кызматкерине пара берүүдөн баш тартканынан улам тутанышы мүмкүн.

Энвер Кисриев - Орусия Илимдер академиясынын Кавказ боюнча эксперти. Талдоочунун пикиринде,Түндүк Кавказдан келген мигранттар, башкалардан айырмаланып, Орусия жарандары экенине карабай, укук бузууларга, кодулоого көп кириптер болушат:

- Соодагерлердин дээрлик баары акча төлөшөт. Кавказдыктар баарынан көп төлөшөт. Анткени кавказофобия деген балакет бар. Билесиздер дарбыздар Дагестандын тоолорунда өспөйт да. Соодагерлер дарбызды тобокелчиликке салышып, Астрахандын айланасындагы дарбыз барондордон сатып алышат. Ортомчу катары киреше табыш үчүн өзүлөрүнүн гана эмес, туугандарынын да акчасын сарпташып, бул жакка алып келишет.

Алексей Дымовски полициянын мурдагы майору. 2009-жылы ал кездеги премьер-министр, азыркы президент Путиндин өзүнө тартип коргоо органдарындагы коррупция боюнча видео кайрылуу жолдоп, таанылган. Дымовски базарлар полиция үчүн киреше табуунун эбегейсиз булагы экендигин, алар кызмат абалын соодагерлерден пара өндүрүү үчүн колдонорун айтат:

- Мурда Новороссийск шаарынын аймагында үч базар бар эле. Эсимде, полиция кызматкерлери алардын ар биринен салык чогултушчу. Салык жер-жемиш, акча, жашылча, картошка түрүндө алынчу. Полиция кызматкерлеринин кимдир бирөөсү дача куруп жатса, тажик, өзбектер барып иштешет. Алардын ичкен-жегени базардагылардын эсебинен кетет.

Айрымдар базардагы мигранттарга каршы башталган рейддерди 8-сентябрдагы жергиликтүү шайлоо, анын ичинде Москва мэрин шайлоо менен байланыштырууда. Анткени саясий өнөктүктө мигранттарга каршы катмардын да колдоосуна ээ болуу талап кылынат. Бийликтин аракети улутчулдар арасында колдоо тапканынын белгилери дароо эле байкалды.

Маселен, Санкт-Петербург шаарындагы базарда жаш улутчулдар өз алдынча рейд жүргүзүшүп, мигранттардан документ талап кылышып, жер-жемиш салынган коробкаларды оодарып, ичиндегилерди ары-бери өткөндөргө беришкен. Полиция бул көрүнүшкө күбө болгону менен чара көргөн эмес.

Москвадагы мигранттар лагери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG