Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Келтектелген, чала тоют мигранттар


Красноярск шаарынан кармалган мигранттар автобуста. 7-август, 2013-жыл.
Красноярск шаарынан кармалган мигранттар автобуста. 7-август, 2013-жыл.

Орусиянын шаарларындагы базарларда мыйзамсыз делген мигранттарга каршы рейддер уланууда.

Кармалгандардын арасында борбор азиялыктардын да жоон тобу бар. Алардын кээ бирлери “Азаттык” радиосунун кабарчылары байланышка чыкканда полициядан келтек жешкенин, ачка да калып жатышканын айтышты.

Өзбекстандын 44 жаштагы тургуну Хасанжон Москва облусунда ОМОНдун рейдине 4-августта кабылган. Кармалгандан кийин жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилгенде алардан келтек жеген экен.

Үч күн бою аба жетпеген гаражда ачка камалып жатышканын айткан Хасанжон “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарчысы байланышка чыкканда буларды кошумчалады:

- Биз азыр Щербинка (Москва облусу) деген полиция бөлүмүндөбүз. Үч күндөн бери наар татпадык, как жерде жаттык. Бул жерде медициналык жардамга муктаж адамдар бар. Балдардын биринин жараты оор. Бизди эч себепсиз эле ур-токмокко алышты. Полициянын үч-төрт бөлүмүнө алып барышып, кагаздарга кол койдурушту.

Орусиянын базарларын мыйзамсыз делген мигранттардан тазалоого багытталган иш-чаралар Москвада эле эмес, башка бир катар шаарларында да өтүп жатат. Кармалгандарды депортациялоо иштери да башталууда. Бул чараны орус коомунун улутчул катмары кызуу колдогондой.

Cадовод базары. Москва, 7-август, 2013-жыл.
Cадовод базары. Москва, 7-август, 2013-жыл.
Коомдук пикирди иликтөөнүн Бүткүл орусиялык борбору – ВЦИОМдун соңку сурамжылоосуна караганда, орусиялыктардын төрттөн үч бөлүгү же дээрлик 75% өлкөдө мигранттардын болушун терс көрүнүш катары баалашат, 53% миграция боюнча мыйзамдарды катаалдаштырууну жакташат.

Орусиядагы тазалоо чараларынын азыркы толкуну борбор азиялык мигранттардын үй-бүлөлөрүндө да камтамачылык жаратпай койгон жок. Тажикстандык София Файзуллоеванын жолдошу рейд учурунда кармалгандан бери Москванын Голяново лагеринде отурган экен:

- Биз аны Орусияга жөнөтүүгө аргасыз болгонбуз. Эки оорулуу балабыз менен ижарага алынган батирде турабыз. Күйөөм кармалгандан кийин он күн ичинде бошонорун айтышыптыр, бирок бүгүн он биринчи күн болду, чыга элек. Мен андан мекенибизге кайтып, бул жактан эле иштөөсүн сурандым. Бирок камакта отургандыктан келе албай жатапайбы.

Ал эми Москванын жанындагы Мытищи шаарынан кармалган тажикстандык Махмуд Каримовдун ырастоосунда, ал бошонуу үчүн 150 доллар пара берген. Базарларда болсо мигранттарды опузалоо мурдагыдан күчөгөндөй:

- Полиция “силерге мына ушундай керек, биз али бул жакта экендигибизди эскертип турушубуз зарыл" деп айтты. Биз мурда бир, бир жарым миң, эки жарым миң рублден төлөп келгенбиз. Азыр алар беш миң рублден талап кылып жатышат.

Москвадагы лагерь, 5-август, 2013-жыл.
Москвадагы лагерь, 5-август, 2013-жыл.
Тазалоо чаралары учурунда лагерге түшкөн борбор азиялыктар да азыр депортацияны күтүп жаткан кез. Москвада кармалган кыргызстандык бул аял вьетнамдыктар жана борбор азиялыктар чогуу жашап жаткан лагердеги абал тууралуу буларды айтты:

- Күндө күрүч же кукси жеп жатабыз. Башында бир күн гречка беришкен. Андан кийин күрүч эле берилүүдө. Эптеп жесең болот. Айла жок да.

Полиция келгиндерди өз киреше жана пара алуучу булагы катары карарын эске салган активисттер мигранттар адилетсиздик менен жазаланып жатканын белгилешет.

Азыркы рейддер дагестандык эки соодагер Москванын базарында бир полициячыны сабап салгандан кийин башталган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG