Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Мэннинг АКШга зыян келтиргенине өкүндү


Шаршембиде сотто сүйлөгөн сөзүндө катардагы жоокер Брэдли Мэннинг WikiLeaks үчүн Американын аскердик жана дипломаттык документтерин бергенине кечирим сурады. Ал Мэриленд сотуна өзүнүн аракеттери АКШ мамлекетине жана элине мынчалык зыян келтирерин билбегенин айтты.

Мэннинг Викиликсте жашыруун документтерди жарыялап, шпиондук кылган деген күнөө менен 2010-жылы камакка алынган. Ал 90 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кошмо Штаттардын адам укугун коргоочу уюмдары америкалык жоокер Брэдли Мэннингди Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүп чыгышты.

XS
SM
MD
LG