Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Салык: алгандын бермейи бар


Мамлекеттик салык кызматы автоунаага салык төлөө мөөнөтүн 1-сентябрга чейин жылдырууну сунуштап жатат. Кыргызстанда cалык төлөө маданияты неге калыптанбай жатат? Бүгүнкү арай көз чарай талкуу ушул темага арналды.

Талкууга Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Нурлан Максүтов, “Реформа” демилге тобунун өкүлү Азамат Аттокуров, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев катышты.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстанда салык планын толтуруу үчүн ар кандай ыкмалар колдонулуп жатат. Мисалы, үйүн ижарага бергендерден, айылда башка аймактан келип үй куруп иштегендерден салык алышат. Анткен менен борбор калаада жашаган үйүнө салык төлөөдөн качкан бай тургундар да арбын. Салыкчылар базар, элиталык үйлөр көбүрөөк салынган райондорду кыдырып салык төлөгөн-төлөбөгөнүн териштирип жүрөт. Кыргызстанда салык салыштырмалуу төмөн экенине карбай эмнеге салык төлөөдөн качышат?

Нурлан Максүтов: 2009-жылдагы жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан баштап биздин мыйзамдар пост-советтик өлкөлөрдүн ичинен эң либералдуу деп эсептелет. Кыргызстанда салыштырмалуу салык көрсөткүчтөрү төмөн. Азыр мүлккө болгон салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Салыкчылар ошол себептүү рейд жасап жатышса керек. Бүгүнкү күндө мүлккө болгон салыктын базасы аныкталган эмес. Мамлекеттик каттоодо мүлк боюнча толук база жок. Ошондуктан бул боюнча биздин кызматкерлер өздөрү кыдырып, үйлөрдү текшерип, катталбаган болсо ченеп туруп анан салык төлөтүү максатында иш алып барууда.

2013-жылга негизги милдетибиз – планды аткаруу, бул 40 млрд. 426 млн. сом. Жети айдын жыйынтыгында биз 21 млрд. 12 млн. сом чогултушубуз керек эле. Бирок 20 млрд. 550 млн. сом чогулттук. Анткени 2013-жылдын бюджетин кабыл алып жатканда бир унций алтындын баасын 1750 доллардан деп кабыл алганбыз. Дүйнөлүк биржада алтындын баасы төмөндөп кеткенине байланыштуу бизде алтынды иштеткен ишканалардан түшкөн салык төмөндөдү. Ошентип учурда жети айдагы план 97,3% аткарылды.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:12 0:00
Түз линк

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:12 0:00
Түз линк


Мирсулжан Намазалиев: Эмне үчүн көпчүлүк адамдар салык төлөгүсү келбейт? Салыктарды чогултуу процессиндеги кандайдыр бир туура эмес иштери аркылуу, ошол эле хан сарайды куруп, килейген жип унааларын айдап жүрүп, бирок салык төлөбөгөнүн көрүп, уккандан кийин албетте көптөрү салык төлөгүсү келбейт. Экинчиден, буга ишенимдин жоктугу. Үчүнчүдөн, бизде боло берет деген түшүнүк себеп болууда. Буга мамлекеттик системада иштеген адамдар жол салып берүүдө. “Макул бүгүн эмес, эртең барып төлөп кой, азыр чөнтөгүмө 50 сом таштап кой” деген сөздөн улам коркпой жүрүшөт. Чындыгында биз жөнөкөй кызматчыдан министрге чейин кыйыр салык төлөп келебиз. Андыктан биз бардыгыбыз эле салык төлөөчүлөрбүз. Ошондуктан мамлекетти бардыгыбыз көзөмөлдөшүбүз керек.

Азамат Аттокуров: Салык төлөөдөн качуунун бир себеби – салык системасынын татаалдыгы. Салык төлөөнүн жеңилдиги деген дүйнөлүк рейтингди карасак Катар, Мальдив республикасы сыяктуу өлкөлөрдө салыктардын саны да аз. Бир жылда салык төлөөгө бир гана саат кетет. Кээ бир мамлекеттерде бир эле салык бар, айрымдарда төрт. Бизде салыктын саны абдан көп. Аларды төлөш, отчетторду өткөрүш кыйын, канча кагазды толтуруш керек. Негизинен көп инвесторлор салыктын өзүн жакшы деген менен административдик татаалдык жогору дешет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG