Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

HRW казак бийлигин сындады


Адам укугун коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" уюму бейшемби күнү казак өкмөтүнө кайрылып, көз карандысыз журналистти сабоону тергөөнү тездеткенге чакырды.

Апта башында Актөбө шаарында сабалган бейөкмөттүк “Свобода слова” гезитинин кабарчысы Игорь Ларраны медициналык текшерүүдөн өткөргөндү полиция саалгытып жатканы белгиленет. Төрт адам журналистти темир таяк менен урганда, баш сөөгүнө залака кетип, эс-учун жоготуп койгон.

Ларра ага жасалган чабуулду Актөбө облус акимин сындаганы үчүн өч алуу деп билет. Полиция жетекчилери Ларинди сабоонун анын журналисттик ишмердигине тиешеси жок, жөн гана бейбаштык деп санайт. Игорь Ларра 2010-жылы Казакстандын батышындагы мунайчылардын иш таштоосун чагылдыргандан кийин аны бир нече бейтааныш адам катуу уруп кеткен болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG