Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Азербайжан: Ибрагимбековдун талапкерлиги катталган жок


Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы Рустам Ибрагимбековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Аны оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши биргелешкен талапкер катары көргөзгөн. Комиссия өз чечимин Ибрагимбековдун кош жарандуулугу жана өлкө аймагында туруктуу жашабаганы менен түшүндүрдү. Өткөн аптада 74 жаштагы белгилүү кинодраматургдун документтери БШКга өткөрүлгөн.

Жума күнү болсо Улуттук кеңеш алтернативалуу талапкер катары мурдагы депутат, тарыхчы Жамил Гасаналыны көргөзгөн.

Азербайжанда президенттик шайлоо 9-октябрда болот.

XS
SM
MD
LG