Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Токтонасыров: казак дипломаттары үнүмдү уккан жок


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынч митингге чыкты. Ал 11-июлда казак чек арачылары кармап кеткен көлдүк 11 малчыны бошотууга элчиликтин көмөктөшүүсүн талап кылды.

Акцияга укук коргоочу “Малчылар кылмышкер эмес, аларды бошоткула”, “Гумандуулук эң мыкты сапат”, “Казак кыргыз бир тууган. Чынбы?” деген плакаттарды көтөрүп барган. Бирок элчиликтин тартип коргоо кызматкерлери оюн билдирүүгө тоскоол болушкан. Элчиликтин коменданты чыгып аты-жөнүн тактап кеткен. Токтонасыров дипломаттардан жооп болмоюн акцияны улантарын билдирди.

"Чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен казак чек арачылары 11-июлда Ысык-Көлдүн 13 тургунун кармап кеткен. Кыргыз малчылары Көк-Көл жайлоосунда мал издеп жүрүп чек арадан өтүп кеткени айтылууда. Кийин алардын экөө бошотулган. Ушул тапта 11 жаран Казакстандын убактылуу кармоо жайында жатат.(AKu)

XS
SM
MD
LG