Бразилияда 1-сентябрда жыйынтыкталган чоңдор арасындагы дзюдо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар орунга илешпеди.
Рио-де-Жанейро шаарында бир жумага созулган таймашка 123 өлкөнүн жети жүздөй балбаны катышты. Кыргызстандын намысын Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий коргоду. Бирок алардын күрөшү ийгиликтүү болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов кабарлады.
Командалык эсепте биринчиликти Жапония алды. Алар бул ирет 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгелүү болду. Экинчи орунду 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль уткан Франция ээледи. Куба өлкөсүнүн эки балбаны дүйнө чемпиону аталып, бул көрсөткүч аларды командалык эсепте үчүнчү орунга көтөрдү. (КМа\SE)