Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

HRW: Азербайжанда эркиндиктер чектелүүдө


Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Уотч" уюму 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында Азербайжандын өкмөтү «сын-пикирлерди» чектөөнүн амалын көрүп жатат деп чыкты.

Бүгүн жарык көргөн отчетунда уюм азери бийликтерин «оппозициянын саясий ишмердүүлүгүнө бут тосуп, коомдук сын-пикирди чектеп, бейөкмөт уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күч алдырып жаткандыгын» белгилейт.

Уюмдун Түштүк Кавказ боюнча улук изилдөөчүсү Гиоргий Гогиянын айтымында, бул абдан кеңири масштабдагы куугунтук болуп жатат. Изилдөөчү «Кеп сандарда гана эмес, мыйзамдар, жарандык коомдун ишиндеги сапаттык өзгөрүүлөр тууралуу болуп жатат»,- дейт.

Октябрдагы шайлоодо учурдагы президент Илхам Алиевдин кайра шайланышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG