Сенат комитети Сирияга сокку урууга макул
АКШ Сенатынын эл аралык алакалар боюнча комитети Сирияда аскерий операцияны баштоого уруксат берген резолюцияны жактырды. Конгресс бул долбоорду кийинки аптада карайт. Сириядагы жаңжал Санкт-Петербургда өтчү Чоң Жыйырманын (G20) жыйынында дагы каралат. Бул жыйынга АКШ президенти Барак Обама да катышат. (Гүлайым Ашакеева, Мирлан Токталиев)