Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Навальный шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


Орусия -- Алексей Навальный шайлоо жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында. Москва, 9-сентябрь, 2013.
Орусия -- Алексей Навальный шайлоо жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында. Москва, 9-сентябрь, 2013.

Кремль колдоо көрсөткөн талапкер Сергей Собянин Москва мерин шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды.

Москванын шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү эртең менен бардык добуштар эсептелип бүткөн соң, Собянин биринчи айлампада 51, 37 пайыз менен утуп чыкканын билдирди. Оппозициянын лидери Алексей Навальный 27, 24 пайыз добуш менен экинчи келди.

Жекшембидеги шайлоо жыйынтыгынан соң Навальный бийликти добуштарды бурмалады деп күнөөлөдү. Ал экинчи айлампа өтмөйүнчө шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин кошумчалады.

- Азыр болуп жаткан нерсени биз добуштарды бурмалоо катары баалайбыз. Бул Москва шаарынын мэриясы жана Собяниндин штабы тарабынан уюштурулууда. Биз чукул арада адамдардын катышуусу боюнча маалыматтарды жарыялоону талап кылабыз.

Шайлоо комиссиясы жекшемби күнкү шайлоого катышуу 32 пайызды түзгөнүн маалымдады.

Москва шаарынын шайлоо комиссиясынын жетекчиси Валентин Горбунов дүйшөмбү күнү эртең менен ушул убакытка дейре расмий түрдө мыйзам бузуулар боюнча арыздар түшө электигин кабарлады. Горбунов ошондой эле “экинчи айлампа болбойт” деп так кесе айтты.

Навальныйдын тарапкерлери бүгүн кечинде Москванын борборунда митинг өткөрүүгө камданууда.

Собянин жекшемби күнү кечинде Москвада чогулган он миңдеген тарапкерлерине кайрылып, бул шайлоону Москва шаарынын тарыхындагы эң таза жана акыйкат шайлоо деп сыпаттады.

Собянин Москваны 2011-жылдын октябрь айынан тарта башкарып келе жатат, ал ошондой эле башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын негизги мүчөлөрүнүн бири.

Коррупция боюнча айыпталган Навальный июль айында беш жылга кесилип, бирок азыр убактылуу эркиндикте жүрөт жана шайлоого талапкер катары катталган. Айрым талдоочулар бул шайлоо Навальныйдын тарапкерлери көп экендигин көрсөткөнүн, ага мындан ары айып тагуу бийлик үчүн кыйын болот деген ойлорун билдиришүүдө. Навальныйга каршы кылмыш иштин саясий себеби бар деп эсетелинет.

Жекшемби күнү бүткүл Орусия боюнча сегиз губернатор, он алты аймактык депутат, сегиз мэр жана беш шаардык кеңеш шайланды.

Бардык шайлоолордо көпчүлүк орундарды бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы алат деп күтүлгөн.

Бирок Орусиянын эң ири төрт шаарынын бири - Екатеринбургда бардык добуштар эсептелинип бүтүп, оппозициянын талапкери, маңзаттарга каршы кампаниялардын уюштуруучусу Евгений Ройзман добуштардын 30 пайызын алды, ал эми Кремлдин талапкери Яков Силин 26, 48 гана пайыз ала алды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG