Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Нурбаев: Ошту бир эле киши оңдогон жок


Айкөл Манастын Ош шаарындагы эстелиги, 11-июнь, 2012.
Айкөл Манастын Ош шаарындагы эстелиги, 11-июнь, 2012.

Ош шаарын калыбына келтирүү иштерин бир эле шаар башчысы Мырзакматовдун аты менен байланыштырууга болбойт.

Ош шаардык кеңешиндеги “Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдувахап Нурбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, токтоосуз чечүүнү талап кылган шаардагы социалдык көйгөйлөр толуп турганда жалгыз адамдын керт башын обужок ашкере көкөлөтүү – саясий чайкоочулук деп эсептээрин билдирди. Ал Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбооруна бөлүнгөн 60 миллион сомдун дайыны табылбай жатканын да кеп кылды.


Жоону сайса ким сайды, аты калды...


"Азаттык": Абдувахап мырза, айтсаңыз мына Ош шаардык кеңешине шайлоо болуп өткөнүнө эки жылга аяк басты. Бирок негедир шаардык кеңештин депутаттарынын, анын ичинде оппозициялык фракциялардын мүчөлөрүнүн үнү угулбагандай. Себебин айта аласызбы?

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев
Нурбаев: Биринчиден, биринчи жолу Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдында Ош шаардык кеңешине парламенттик тизме менен шайлоо болду. Биз бул жолду биринчи жолу басып өткөндүктөн тажрыйба чынында жетишпей жатканы байкалат. Бирок Ош шаардык мэриясынын алдында үнүбүз такыр эле чыкпай калды дегенге кошулбайм. Анткени шаардык кеңештин жыйындарында ар кайсыл маселелер боюнча башкаруучу коалициянын депутаттары менен талашып-тартышкан учурлар көп эле болуп жатат. Болгону мына ошол талаш-тартыштар маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылбай калууда. Бирок биз жергиликтүү бийлик менен теңтайлашып, өзүбүздүн милдеттерибизге карата ишибизди аткарып жатабыз.

"Азаттык": Ошко келген адамга мында жасалып жаткан иштердин бардыгы эле бир адамдын, же башкача айтканда шаар мэри Мелис Мырзакматовдун ысымы менен байланыштуудай таасир калтырат экен. Мындай негизде түзүлүп калган коомдук пикирге сиздин мамилеңиз кандай?

Ош шаарында жасалып жаткан иштин бардыгы бир адамдын кандайдыр бир “көрөгөч-көсөмдүгү”, же өзгөчөлөнгөн ишмердиги менен ишке ашты дегенге болбойт...

Нурбаев: Бизде негизи “бардыгы эле аткаруу бийлигиндеги жетекчиге байланыштуу" деген менталитет калыптанып калган да. Ага бирөөнүн авторлугун байлап, аны көтөрө чалып, жанагыдай жасалма реклама жасаган жагдай да себепчи. Бирок карап көрсөк, шаарды калыбына келтирүүдөгү турмуш чындыгы башкача. Мисал үчүн 2010-жылдан кийин жардам ирээтинде дүйнөлүк банк 4,5 миллион долларга жолдорду оңдоду. Түркиянын өкмөтү заманбап үлгүдөгү мектептин жана ооруканын имаратын бүтүрдү. Оштогу жана Жалал-Абаддагы ооруканаларды ремонттоп берди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча долбоорду ишке ашырды. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы балдар аянтчаларын жаңылады.

Анан эң негизгиси - Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы көп кабаттуу үйлөрдү курду. Миллиондогон каражатка бааланган мына ушул иштердин бардыгы мамлекеттин, жалпы коомчулуктун жана эл аралык донорлордун салымы, демилгеси жана уюштуруучулугу менен болду. Алардын айрымдары мамлекет менен өнөктөштүктө мына ошол иштердин бардыгын бүтүрүп, тапшырып, эч кимге милдет кылбастан кетишти. Бул жерде ушул иштин бардыгы бир адамдын кандайдыр бир “көрөгөч-көсөмдүгү” же өзгөчөлөнгөн ишмердиги менен ишке ашты дегенге болбойт.

Бул 2010-жылдан кийин талкаланып калган шаарды калыбына келтирүүдөгү жалпы коомчулуктун ишинин жыйынтыгы болду. Ага жалгыз автор болууга эч кимдин акысы жок. Бирок Ошко келген айрым журналисттер жана мындагы жергиликтүү кээ бир маалымат каражаттары мына ушул иштин бардыгын бир адамдын аты менен байланыштырып жатышы мүмкүн. Бирок калыбына келтирүү иштериндеги демилге жана демөөрчүлүк кандай болгонун кызыккан адам бул тууралуу атайын маалыматты алып, толук таанышып чыкса болот.

"Азаттык": Ош шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен биргеликте Ошту калыбына келтирүү иштери боюнча бир жыйынтык чыгарып, кайсы долбоор кандай донор уюмдар тарабынан аткарылганы боюнча коомчулукка такталган маалымат берсе мүмкүн мына ошондой саясий чайкоочулук болмок эместир?

Нурбаев: Мен жогоруда кайсыл уюм эмне иш аткарганын айтып өттүм. Мүмкүн бул тууралуу маалымат таратылганы менен ал коомчулукка анчейин жетпей жатса керек. Бирок негизи шаардык бюджеттин эсебинен кандайдыр бир иштер жүргүзүлө турган болсо дагы, ал биринчи шаардык кеңештин кароосунан өтөт. Мында тиешелүү депутаттык комиссиялар көтөрүлгөн демилгени иликтеп, жактыргандан кийин гана ага каражат бөлүү маселеси чечилет. Бул жерде шаардын мэринин идеясы болушу мүмкүн, башка бир мамлекеттик бийлик органдарынын демилгеси болушу мүмкүн же депутаттардын жеке сунуштары болушу мүмкүн. Мына ошонун бардыгы жамааттык негизде каралгандан кийин гана көпчүлүк добуш менен ал долбоор бекитилет. Негизги эреже ушундай. Бирок аны коомчулукка ким кандайча жеткизет, ал башка маселе.


Көмүскөдөгү көйгөйлөр же дайыны табылбаган 60 миллион


"Азаттык": Монументалдык идеологияны өнүктүрүү үчүн деген долбоордун алкагында шаарда баатырлардын эстеликтери коюлуп, ал шаар калкынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгону айтылып жүрөт. Бирок ошол эле кезде шаарда таза суу маселеси чечилбей, суу түтүктөрү эскирип иштен чыккан жана жылуулук берүү жагы каралбай калып кеткен көйгөйлүү маселелер толтура экен. Мүмкүн шаардык кеңеш каражат бөлүп жатканда шаар башчысына биринчи кезекте мына ошол көйгөйлөрдү чечип алуу жагын сунуштап чыкса кандай болот эле?

Нурбаев: Сиз туура баамдапсыз. Бул өтө олуттуу маселе. Жыйырма биринчи кылымда жашап туруп, Кыргызстандын түштүк борборунда калктын толук таза суу менен камсыз болбогону бул шаар жетекчисимин жана шаар депутатымын деген адам үчүн өтө уят иш. Түшүнгөн адамга өтө чоң кечирилгис нерсе. Биз бул маселени төрт жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Мен бул маселени мурунку чакырылышта көтөрүп, "Таза суу" долбоорун ишке ашырууга 60 миллион сом бөлүп бергенбиз. Анткени шаарда таза сууну пайдалануучулар көбөйүп, бирок келип жаткан суунун көлөмү мурдагы эле көлөмдө калгандыктан көп кварталдарга суу толук жетпей калган. Суу колдонуу кычаган мезгилде 3-4-5-кабаттагы үйлөргө суу жетпей шаар калкы кыйналган учурлар аз эмес.

Жыйырма биринчи кылымда жашап туруп, Кыргызстандын түштүк борборунда калктын толук таза суу менен камсыз болбогону бул шаар жетекчисимин жана шаар депутатымын деген адам үчүн өтө уят иш...

Бул долбоор боюнча таза суу Озгур айылынын башындагы Ак-Буура дарыясынан (620) чоң түтүк менен шаардын борборундагы суу сактоочу жайга келип түшүп, андан кайра таратылып берилмек. Өзү агып келе турган бул суунун агымына эч кандай электр энергиясы да талап кылынбайт. Ошондуктан таза суунун баасына да таасир этмек эмес. Бирок 2010-жылы пайдаланууга берилет деген долбоор бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Ошончо суммадагы каражат бөлүнүп, бирок анын жыйынтыгын 4 жылдан бери эл көрө албай жатканы таңкалыштуу. Анан шаардык кеңештеги төрт фракциянын депутаттары мына ошол курулуш ишиндеги жагдайларды иликтеп бергиле деген негиз менен улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматына да кайрылган болчубуз. Бирок ушул күнгө чейин ал жактан жыйынтыктуу жооп боло элек.

"Азаттык": Мына ошол таза суу долбоорунун ишке берилбей жатышынын түпкү себептери эмнеде экенин билесиздерби?

Нурбаев: Биз бул маселени шаардык кеңештин жыйынында да бир нече курдай караганбыз. Бирок тиешелүү шаардык кызматтар ар кайсы шылтоо менен аталган курулуш долбоору эмнеге бүтпөй жатканын жакшы түшүндүрүп бере албай жүрүшөт. Анан биз бул боюнча шаардык мэрияга кайрылган менен ал жактан да бул иш бүтөт дегенден башканы уга элекпиз. Бирок качан бүтөөрү белгисиз.

"Азаттык": Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана прокуратура органдары тарабынан шаардык мэриянын муниципиалдык курулуш башкармалыгына карата коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери козголуп, бирок аягы эмне болуп бүткөнү коомчулукка белгисиз бойдон калып кеткен учурлар бар экен. Сиздер мына ушуга кызыгып көрдүңүздөр беле?

Нурбаев: Ушул жагдай бизди да катуу ойлондурат. Чынында эле эмнеге ушундай болуп жатат? Муну мына ошол тиешелүү органдардын жетекчилеринен сурап көрүш керек го. Анткени ушуга окшогон иштердин жыйынтыгы эмне болуп жатканы боюнча биз, дагы шаардык кеңештин 17 депутаты атайын кайрылуу менен кат жазган элек. Бирок жообун ала элекпиз.

XS
SM
MD
LG