Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Кара-Балтада мунай заводу ишке кирди


Жаңы ачылган мунай заводу, Кара-Балта шаары, 9-сентябрь, 2013.
Жаңы ачылган мунай заводу, Кара-Балта шаары, 9-сентябрь, 2013.

9-сентябрда ачылган мунай заводу толук ишке киргенде өлкөгө керектүү көлөмдө күйүүчү май өндүрө алаары айтылууда.

Заводдун ачылышына катышкан экономика министри Темир Сариев бул ишканадан жылына 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болоорун белгиледи.


Кара майга карк болобузбу?


Кытайлык компания курган “Жунда” мунай заводу жылына 800 миң тонна күйүүчү май өндүрө алат. Заводдун башкы деректиринин жардамчысы Ю Шан Линдин билдиришинче, ишкана Борбор Азия өлкөлөрүндө алгачкылардан болуп заманбап жабдуулар менен камсыз болду:

- 4-сентябрда жумушчу комиссия биздин заводдун даярдыгын текшерди. Биз азыр жарым-жартылай иштетип атабыз. Тетиктердин баары ишке кирүүгө даяр турат. Тазалоочу системасы да толук даяр.

Экономика министри Темир Сариев завод өндүргөн күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызы жогорку сапатта болорун белгилеп, чийки мунайды Орусиядан бажы төлөмү жок алуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады:

- Азыр 4 миң тонна чийки мунай зат бар экен. Сентябрдын аягы, октябрдын башы менен толук кубатта иштей баштайт. Бул биринчи этабы. Биринчи этабында 82 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик күйүүчү чыгарат. Андан кийин үч-төрт айдын ичинде экинчи этабы башталат. Ошондо 2014-жылдын март-апрель айларынан баштап толук иштей баштайт. Чийки затты Орусиядан алуу үчүн өкмөт иштеп жатат. ШКУнун ушул жумадагы саммитине Орусиянын президенти Владимир Путин келгенде ушул маселени сүйлөшөбүз. Биз нефтини бажы төлөмү жок алып кирүү боюнча иштеп жатабыз. Эгер ошону чечип алсак 60 пайызга чейинки керектөөнү камсыздайбыз.

Кыргыз өкмөтүнүн божомолуна ылайык, заводдон жылына 5-6 миллиард сом салык киреше түшүп турат. Темир Сариев күйүүчү майды сыртка экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин да белгиледи:

- Бул жерде “Евро-3” деген жогорку сапаттагы бензин да чыгат. Мисалы ошол эле Казакстанда мындай жогорку сапаттагы бензин өздөрүнө жетпейт. Келечекте 2-3 миллион тоннага чейин жеткизебиз деп жатышат. Ошондо мисалы Казакстандан нефтини алып келип иштетип, кайра Казакстанга сатуу мүмкүнчүлүгү бар.

Завод жана чийки мунайды сактоочу жай курулган аймактан жергиликтүү тургундар көчүрүлгөн эле. Бирок азыр тогуз үй-бүлө көчпөй чырдап жаткан экен. Темир Саривдин билдиришинче, бул маселени эми комиссия чечмекчи:

- Эки чоң маселе бар: завод менен кара майды сактай турган жай курулган. Анын тегерегиндеги санитардык тилке биринчи 500 метр деп аныкталган. Ошол жердеги бардык объекттер менен сүйлөшүп, турак-жайдын баарын сатып алышты. Бирок ошол жердеги 9 адам үйүн сатпай жатат. Заводдун жетекчилери алар үйлөрүн өтө жогору баалап жатат дешет, жергиликтүүлөр болсо алар каалаган сумманы бербегендиктен сатуудан баш тартканын айтышууда. Биз бул боюнча атайын комиссия түзүп, көз карандысыз баалоочуларды алып келип, баасын бычтырып ошонун негизинде сатып алгыла деп айтканбыз. Дагы эки-үч ишкана бар. Алар боюнча да сүйлөшүүлөр болот.


Бара-бара кытайлыктарды кыргыз жарандары алмаштырат


Учурда заводдо миңдей адам иштеп жатат. Азырынча 20-30 пайызын кыргызстандык жарандар түзөт. Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматов үч жылдын ичинде заводдо иштегендердин 90 пайызы кыргызстандык жарандар болооруна ишендирүүдө:

- Электриктерди жана ушул жердеги жабдууларды башкаруу боюнча биздин балдарга үйрөтүп жатышат. Ошол процесс бүткөндөн кийин ал балдар түз эле бул жакка келип иштеп башташат. Азыр тестирлөөдөн өткөрүп, балдарды тандап жатышат. Ушул үч жылдын ичинде акырын-акырын кытай жарандарын биздин жарандар алмаштырат.

Нурдин Акматов “Жунда” мунай заводунун өрт өчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси. Бул жакта иштеп жатканына жарым жыл болгон экен:

- Мен өзүм өрт өчүрүү кызматында иштечүмүн. Өзүм Жайыл районунда жашайм. Ары-бери өткөндө көрүп, буларга деле өрт өчүрүү боюнча адис керек болсо керек деп бул жакка резюмемди таштап кеткем. Үч жерден баарлашуудан өтүп, анан жумушка кирдим. Алгач өрт коопсуздугу боюнча инженер болуп иштедим, штат ачылгандан кийин азыр бул жерде 54 бала иштеп жатат.

Кытайлык “Чайна Петрол Компани” ишканасы Кара-Балтадагы мунай заводун 2009-жылдан тарта кура баштаган. Заводду тезирээк бүтүрүп, ишке киргизүү боюнча Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев былтыр жазында Кытайга барганда макулдашкан. Заводду курууга жалпысынан 300 миллион доллардай инвестиция салынган.

Кыргызстан күйүүчү май боюнча азыр толугу менен сырттан көз каранды жана аны негизинен Орусия менен Казакстандан алат.

XS
SM
MD
LG