Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Бенгазиде АКШнын мурдагы консулдугуна дагы бир чабуул жасалды


Ливиядагы Бенгази шаарында АКШдагы 2001-жылкы теракттар эскерилип жаткан күнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имаратта катуу жардыруу болду. Мурда бул имаратта АКШнын консулдугу жайгашчу. Азырынча канча адам жабыркагандыгы тууралуу так маалымат жок.

Туура бир жыл мурун Бенгазидеги АКШнын элчилигине кол салынып, элчи Кристофер Стивенс жана үч дипломат каза болушкан. АКШда бүгүн 2001-жылдагы теракттын 12 жылдыгы белгиленүүдө. Буга карата өлкөдө жана АКШнын элчиликтеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто, Вашингтондо жана Пенсильваниядагы Шанксвиль районунда террорчулук чабуулдардан улам үч миңдей адам жабыркаган. Жоопкерчиликти “ал-Каида” террордук уюму өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG