Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

ЖККУ жыйынында тышкы чек араны бекемдөө маселеси каралат


Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун журналисттерге билдиргени боюнча, 23-сентябрда Сочиде башталуучу жыйында ошондой эле уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешине Кыргызстан төрагалык кылып турган учурда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылат. 23-сентябрда ЖККУга Орусия төрагалык кылууну баштайт.

Сапар Исаковдун айтымында, Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун жыйынында аскердик доктрина тууралуу, Сириядагы кырдаалга байланыштуу Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси, буга карата ЖККУ тарабынан жасалуучу аракеттер боюнча уюштуруу иштери талкууга алынат.

23-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши кезектеги саммитин өткөрөт. Анда негизги маселе – Борбор Азиядагы коопсуздук болмокчу. ЖККУнун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, жыйындын катышуучуларына Ооганстан-Тажикстан чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берилет жана аталган чек араны кайтарууну жана бекемдөөнү күчөтүү тууралуу сунуштар айтылат. Маалыматта айтылгандай, ооган-тажик чек арасындагы кырдаал азырынча көңүл жылытарлык эмес. Буга байланыштуу ЖККУ саммитинде мамлекет башчылар Тажикстандын чек арачыларына аскердик-техникалык жардам берүү маселесин да талкуулашат.

Жамааттык коопсуздук кеңешине ЖККУга кирген мамлекеттердин башчылары мүчө.

ЖККУ саммитине катышуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев 20-сентябрь күнү Сочиге учуп кетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG