Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Сарууда элдик жыйын болот


Саруу айылында бүгүн элдик жыйын болот. Анда Ысык-Көлдөгү башаламандыкты уюштурган деген айып менен камалган кишилердин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы айтылмакчы. Учурда айыл өкмөтүнүн имаратынын жанына адамдар чогулуп жатканын жергиликтүү тургун Сарыбай Курманов “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты айыл өкмөт башчысы Талчын Мендибаев да тастыктады. Ал элдик жыйын тынч болоорун айтты.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Эртеси Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабы менен Саруу айылында митинг болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG