28 өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу алгач шаркеттеги миграциялык проблемаларга арналаары айтылган. Бирок анын алдында тыңчылык менен байланышкан окуя саммиттин башкы темасына айланып кетти. АКШнын чалгын кызматтары немис канцлери Ангела Меркелдин жана миллиондогон француз жарандарынын телефонун тыңшаганы нааразылык жараткан.
Бүгүнкү саммитте биримдиктин лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, анда “террорго каршы күрөш үчүн чалгын маалыматты топто маанилүү нерсе экенин, бирок ич ара ишенимдин жоктугу ошол күрөшкө доо кетирэрин” айтышты. Германия менен Франциянын лидерлери эки ай ичинде бул боюнча Вашингтон менен сүйлөшөөрүн билдиришти.