Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кумтөр боюнча Осмоновго иш козголду


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов 2003-жылы адилет министри болуп иштеген.

Депутат мурунку бийликтин тушунда, кызматта турганда Кумтөр боюнча өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүүгө тиешеси бар деп айыпталып жатат. Осмоновдун жактоочусу прокурордун дооматын четке кагууда. Анын алдында Кумтөр боюнча мурунку эки министрге да ушундай айып тагылган.

Башкы прокуратура 1992-2009-жылдары Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерге байланыштуу ушул жылдын март айында кылмыш иш козгогон. Ага ылайык, ошол кезде жооптуу мамлекеттик кызматта иштегендер өлкө кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзгөн жана коррупцияга жол берген деп айыпталган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиевдин билдиришинче, айыпталгандарга депутат Курманбек Осмонов да кошулду жана ал учурда ооруканада жатканына байланыштуу тергөө иштери азырынча баштала элек:

Кумтөр кени
Кумтөр кени
- 2013-жылдын 23-октябрында аталган кылмыш иштин ичинен чечим кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновго таандык материалдар бөлүнүп алынган. 24-октябрда Башкы прокуратура тарабынан Осмоновго Кылмыш-жаза кодексинин 30чу жана 303-беренелери боюнча кылмыш иш козголду.

Осмонов 1992-2009-жылдар аралыгында Юстиция министри, биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеген. Анын адвокаты Кайрат Загибаев прокуратуранын дооматтарын четке кагууда:

- Ал убактан бери Кумтөр боюнча тогуз токтом чыккан. Курманбек Осмоновго коррупция боюнча иш козголуп атат. Бул жерде мындай беренеге негиз жок. Өкмөттүн токтому бул жамааттык кагаз. Анда 48 адамды кылмыштуу топ деп аташ керек жана ошол өкмөт мүчөлөрүнүн баарын кылмышкер деп айтыш керек.

25-октябрда Башкы прокуратура мурунку министрлер Болот Абилдаев менен Темирбек Акматалиевди Кумтөргө байланыштуу камакка алган, бирок көп өтпөй эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарган. Абилдаев 2002-2005-жылдары каржы министри, ал эми Акматалиев 2003-2004-жылдары экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.

Өткөн айда болсо юстиция министринин мурунку орун басары Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жооптуу кызматкери Камчыбеков, ошондой эле өкмөт аппаратынын мурунку кызматкери Жолошев да кармалып, баш коргоо чарасы каралганда алар да үй камагына чыгарылган.

Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Равшан Жээнбеков 2001-2005-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы болчу. 2003-жылы Кумтөр боюнча келишимге анын орун басары кол койгонун айтууда:

-Токтом боюнча жыйын болгон эмес. Сурамжылоо түрүндө бул токтомго кол койдурган “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси, азыр көзү өтүп кеткен маркум Камчыбек Кудайбергенов болгон. Бул киши 31-декабарда документти мага да көтөрүп келген. Мен расмий эмес документке кол кое албайм, мага почта аркылуу жөнөткүлө деп айткам. Булар шашлыш болгон. Анткени сүйлөшүү бүтүп, убада берип койгон деп айтып жатышпайбы. Ошондуктан менин орун басарыма кол койдуруп алышкан.

Кумтөргө каршы акцияга чыккандар, Саруу. 9-октябрь, 2013-жыл.
Кумтөргө каршы акцияга чыккандар, Саруу. 9-октябрь, 2013-жыл.
Мукар Чолпонбаев келишимдин айынан Кыргызстан өз үлүшүн уттурганын белгиледи:

- Кумтөр 2005-жылы Кыргызстанга өтмөк эле. Анан аны Кыргызстанга өткөрбөй, алтурмак канадалыктарга биздин үлүшүбүздү берип койгону үчүн, ошол келишимди түзгөндөрдүн баарын, кол коюп, жактыргандардын баарын жоопко тартуу керек. Андан сырткары уулуу заттардын калдыктарын мөңгүнүн үстүнө төккөнгө уруксат бергендердин баарын Жаратылышты коргоо министрлигинин жетекчилеринин баарына иш козголушу керек.

2003-жылкы Кумтөр боюнча келишимге кол коюлганда кыргыз өкмөтүн Николай Танаев жетектеп турган. Танаев 2005-жылы Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин Орусияга чыгып кеткен. Март ыңкылабынан кийин да ошол кездеги өлкө жетекчилерине кылмыш иш козголуп, бирок аягына чыкпай калган эле.
XS
SM
MD
LG