Баткенден билим издеген тажикстандык балдар
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы гимназия мектебинде тажикстандык 17 бала билим алат. Кошуна өлкөдөн келип билим алгандар Кыргызстанда билим берүү салыштымалуу жакшы дешет. Кыргызча билим алып жаткандар негизинен этникалык кыргыздар болгону менен арасында тажик улутундагылар да бар. (Жеңиш Айдаров)