Жалал-Абад шаардык сотунда бүгүн "Ата-Журт" партиясынын төрт мүчөсүнө карата өкүм чыкты. Медер Үсөнов менен Жеңишбек Токторбаевди прокурор 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сурады, бирок сот аларды 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Ал эми Шайырбек Ташиев менен Абсатар Сыргабаевге мамлекеттик айыптоо 9 жылдан сурады, сот 4 жылга шарттуу түрдө кести.
Алар бийликти күч менен басып алган, башаламандык уюштурган деп күнөөлөнгөн. Соттолуучулар 31-майда облбийлик имаратын курал-жарак менен ээлеп алуу болбогондугун билдиришкен болчу.
Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликке кирип барган. Митингчилер Медербек Үсөновду “элдик губернатор” деп жарыялап алган. (YA\RK)