Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Асманда машине айдаарыбызга аз калды


Словак инженери Штефан Клайндын "АэроМобиль–2.5" учма машинеси.
Словак инженери Штефан Клайндын "АэроМобиль–2.5" учма машинеси.

Эгер уча турган машине алгыңыз келсе, аны 2021-жылдан тарта сатып алсаңыз болот. Адистердин айтымында, 2030-жылдан тарта айрым өлкөлөрдө канаттуу машинелер кадимки көрүнүш болуп калат.


Ал ортодо астрономдор жашоого ылайыктуу бир миллиард планета бар деген тыянакка келишти. Ал эми тамекини таштайм дегендерге банан көмөктөшө алаарын америкалык илимпоздор аныкташты.

Машине менен уччу күн алыс эмес

Белгилүү америкалык автомобиль куруучу Генри Форд 1940-жылы учак менен машинени айкалыштырылып, асман жиреген машинелер пайда болоорун айткан. Албетте, Форддун сөзүн ал учурда эч ким олуттуу кабыл албай, шылдыңдашкандар да болгон. Арадан 70 жыл өтүп, азыр бир эмес, канаттуу машинелердин он чакты түрү пайда болду. Алардын эң акыркысы "АэроМобиль–3түн" бет ачары 2014-жылы Словакияда болот. Словак инженери Штефан Клайн "АэроМобиль–2.5" үлгүсүндөгү учма машинени жакында эле баштапкы сыноодон өткөрдү. Учма машиненин бет ачары Канаданын Монреаль шаарында өттү.

Бул "флайиң кар" же "скай кар" деп аталып жүргөн канаттуу машине эки жүргүнчүгө ылайыкташтырылып, саатына 200 километрге чейин ылдамдыкта 700 чакырым аралыкка учууга кудуреттүү. Аталган учма машине бир саатта 15 литр бензин сарптайт. 1965-жылы белгилүү француз актёру Луи де Фюнес тартылган "Фантомас жинденди" кинотасмасындагы учуучу машине кичинекей Штефанды абдан таасирленткен. Ошондон кийин ал канаттуу машинени курууга далалаттанат.

Фантастика кинотасмаларындагы учма машинелер анык иш экени талашсыз. Бирок канаттуу машинелер көп талаш-тартышты да жаратты. Биринчиден, учуу коопсуздугу жана аэронавигация адистери учуучу машинелер учактарга жолтоо болоорун жана канаттуу машинелер үчүн асманда жүрүүчү так аба жолдор жоктугун эскертти. Алардын айтымында, учуучу машинелер кайсыл бийиктикте, кандай ылдамдыкта жана кайсыл багытка учаарын тактоо зарыл.

Ал эми жарандык авиация адистери канаттуу машинелерди чакан мини-учак катары сертификациялоо керек деп жатышат. Кандай болгону менен, адистердин болжолунда, 2030-жылдан тарта айрым өлкөлөрдө учма машинелер кадимки көрүнүш болуп калаары күмөнсүз деген тыянакка келишти.

"АэроМобилден" тышкары, "Экс Хок" жана "Моллер СкайКар М400" канаттуу машинелери тийиштүү сыноодон кийин өз кардарларын табат деген үмүт бар. Ал эми ток жана бензин менен жүрүүчү "Террафуга ТФ-Экс" гибриддик учма машине 2021-жылдан баштап сатылаарын "Террафуга" компаниясы маалымдады. Тоолуу Кыргызстандын шартында да капчыгы чоңдордун арасында канаттуу машинелер өз ордун тапчудай.

Учма машинелердин учурдагы орточо баасы 280 миң доллар. Бара-бара канаттуу машинелер массалык түрдө чыгарыла баштаганда баасы түшөт деген божомолдор бар.

Жашоого ылайыктуу миллиард планета бар

Жашоого ылайктуу бир миллиард планета жайгашкан Ак куу жана Лира топ жылдыздары.
Жашоого ылайктуу бир миллиард планета жайгашкан Ак куу жана Лира топ жылдыздары.
Калифорния жана Гаваи университеттеринин окумуштуулары биз жайгашкан Саманчынын жолу галактикасынын өзүндө эле эң аз дегенде миллиард планетада жашоого шарттар бар деген тыянакка келишти. Астрономдор Саманчынын жолунда 400 миллиарддай биздин Күн сыяктуу жылдыз бар экенин божомолдоп жүрүшөт. Анын ичинен беш миллиард жылдыздын айланасында биздин Жерге окшогон бир миллиард планета айланып жүрөөрү анык болду.

Бул ачылышты Калифорния университетинин студенти Эрик Петишура жасады. Анын айтымында, жашоого шарты бар планеталар айланып жүргөн жылдыздарды Жерден телескопсуз эле көрсө болот. Алардын эң жакыны бизден 120 триллион чакырым. Белгилей кетчү нерсе, бул Саманчынын жолундагы Лира жан Ак куу топ жылдыздарындагы гана планеталардын саны.


Банандын касиеттери


Дүйнөдөгү эң чоң марихуана тамекиси, Сантьяго, Чили, 18-май 2013-ж.
Дүйнөдөгү эң чоң марихуана тамекиси, Сантьяго, Чили, 18-май 2013-ж.
АКШдагы Мериленд университетинин окумуштуулары тамеки жана баңги зат көз карандылыгы менен күрөшүүдө банан пайдалуу экенин аныкташты. Банан триптофан аттуу затка бай. Триптофан ашказанга сиңгенден кийин кинурен кычкылдыгын бөлүп чыгат.

Дал ошол кинурен кычкылдыгы тамеки менен марихуанага болгон көз карандылык менен күрөшөт. Кинурен кычкылдыгы тамеки жана баңги заттын адам организмине тийгизген терс таасирин чектеп, бөгөт коюуга кудуреттүү. Мисалы, марихуананы тарткандан кийин адамдын мээсинде допамин гормону пайда болот. Допамин баңгиге көз карандылыкты жаратат. Ал эми кинурен кычкылдыгы допамин гормонунун таасирин азайтат.

Илимпоздордун айтымында, келечекте аракечтикти, баңги жана тамекиге болгон көз карандылыкты түзүлүшүндө триптофан заты бар мөмө-жемиштерден турган атайын диета менен дарылоо мүмкүн болот.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG